Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окууга катышпаган студенттер аныкталганын билдирди.
“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Кызматтык жасалмачылык”) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду”, - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылган. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.
Май айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде коррупциялык схема аныкталып, 153 студент окуудан чыгарылганын билдирген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында бардык жогорку окуу жайларда текшерүү жүрүп жатканын, “университеттерде окууга такыр барбаган студенттер диплом алып жатканын, сабакка келген студенттер гана калсын” деген талап коюп жатышканын билдирген. (TSh)
Шерине