Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

"Ажардын трагедиясын, Үркүндү тартам"


Белгилүү режиссер Актан Арым Кубат “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учурунда.
Белгилүү режиссер Актан Арым Кубат “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учурунда.

Дүйнөдө кино көрөрмандар түштүк кореялык “Кальмар оюндары” тасмасынын үчүнчү сезону тууралуу кызуу сөз кылып жаткан чакта, кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды.

Режиссер менен бул темада кеңири маек курдук.

- Актан агай, саламатсызбы? Алды менен Кытайдын Шанхай шаарындагы эл аралык кинофестивалдагы ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Дүйнөнүн кайсыл өлкөсүндө болсо деле кино жаратуучулар “Кытай рыногуна кирсек, тасмабызды көрсөтсөк” деп талпынат турбайбы. Бир жагы албетте, Кытай дегениңиз өтө чоң базар эмеспи. Сиз катышкан Шанхай фестивалынын дүйнөдөгү кадыр-баркы, орду кандай?

- Дүйнө жүзүндө кинофестивалдар бир нече категорияга бөлүнөт. Анын ичинен эң жогорку деңгээлдеги “А” класста он чакты фестиваль бар. Шанхайдагысы мына ушул класстагы эң ири фестиваль саналат. Сыйлыкты алабыз деп дегеле ойлогон жокпуз. “Ага катышкандын өзү жетишкендик, катыша алабызбы” деп олтурганбыз. Мындан тышкары, өзүңүз айткандай Кытайдын рыногу абдан чоң. Фестивалга көрсөткөндөр "кытайлык көрөрмандарга көрсөтүлүп калабы, сатылып калабы” деп үмүттөнөт. Биз барганда кинозалдарга тасмалардын жадыбалын илип коюптур. Анан айрымдарынын тушунда кызыл жылдызча менен белгилер бар экен. "Бул эмнени билдерет?" деп сурасак, билет сатылган тасмалар экенин түшүндүрүштү. Биздин тасма үч күн удаа коюлуп, сатыкта билет калбады. Бош орундар болгон жок.

- Буга чейинки маектериңизде “эки үчилтик тарттым” деп айтыңыз эле.
Биринчи үчилтик - “Селкинчек”, “Беш кемпир” “Маймыл”. Экинчиси, “Свет аке”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары. Азыркы жаңы тарткан тасмаңызды жаңы этаптын башталышы деп жооругандар болуп жатат.

- (Күлүп) көрөбүз...Менин биринчи кесибим сүрөтчү. Анан сүрөтчүлөрдө “палитраны тазалоо” деген термин бар. Боекторду сыгасың, улам сүрөт тарткан сайын ошол боекторго көнүп каласың да. Башкача тартып, жаңы идея менен тартыш үчүн палитрага жаңы боекторду сыгыш керек. Менде дагы ушундай болуп калды. Тасмаларымда жалаң өзүм менен алек болуп туруп алдым. Өзүмдүн бала чагымды, башымдан өткөндөрдү чагылдырдым. Бир чети көнүмүштөй болуп баратат. Анан башка жакка дагы бурулуп көрөйүн дедим. Жазуучу, акын Олжобай Шакирдин “РухЭш” деген сайты бар эмеспи. Ошого чалдым: “Олжоке, кыргыз адабиятында мага жарай турган чыгармалар барбы” десем, “Актан байке, сизге азыр шедевр жиберем” деди. Бир аздан кийин эле жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Долу” деген чакан новелласын жибериптир. Аны окугандан кийин тарткым келип калды. Жазуучуга кайрылып, сценарийин жазайын десем, “өзүм жазып берем” деди. Эми ал киши сценарий жазып көргөн эмес да, алгач чочуладым. Бирок бир жагы мага кызык болду. Сценарийди бир жыл жаздык. Эми бул тасманы дагы улап тартамбы же жокпу азыр белгисиз, убакыт көрсөтөт. Топчугүл Шайдуллаева экөөбүз дагы бир сценарий баштадык. Ал ишке ашып, үчилтик болуп кетеби, ал жагы белгисиз. Чыгармадагы аялзаттын дүйнөсү, ички сезимдери мага кызык болду.

Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру
Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру

- “Кара, кызыл, сары” деп тасманын аталышы эле мага интрига болуп турат. Бул тасма жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын (“Долу”, “Гилемчи”, “Көк суу”, “Урум” ) бир нече чакан аңгемелеринин негизинде тартылган турбайбы. Ал аңгемелер менен тааныштыгым бар. Элетте оор эмгек менен өмүрүн өткөрүп, түйшүктөн башы чыкпаган энелердин образдары чагылдырылган эмеспи. Тасманын өзөгү эмне?

- Өзөгү - килемчи. Мен өзү “Долудан” баштагам. Бирок сценарий жазганда улам бир эпизод башка ойлорду жаратып, соңунда килемчи тасманын өзөгүн түздү. Анткени анын окуясы аябай кызык. Килем токуган чеберлерди айылда үйүнө чакырышат эмеспи. Алгач килемчи келгенде үй ичиндегилер чочуркап турушат. Чоочун киши келсе ошондой эле кабыл алабыз да. Анан үч-төрт күн өткөндөн кийин килемчи дагы үй-бүлөнүн бир мүчөсү сыяктуу эле болуп калат. Үйдөгүлөр дагы ага көнүшөт. Анан ал үйдүн тилегине, ынтымак-ыркына, чыр-чатагына, жакшылыгына жуурулуп кетет. Өзү байкабай эле үй-бүлөнүн аурасын кадимкидей килемге кошуп токуйт. Түсү, оймолору дагы үй-бүлөнүн мүнөзүн чагылдырып, ошол үй-бүлө сыяктуу болуп калат экен. Килем токуган чебер деле чыгармачыл киши да. Үйдө апамдын курактары бар. Убагында маани берчү эмесмин. Азыр эми карап олтуруп, таң калам. Килемчинин сезимдери, ойлору ошол түскө айланып кете берет го деп ойлойм.

- Демек, тасма үй-бүлө баалуулуктары тууралуу турбайбы?

- Ооба, ошол тууралуу.

Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру
Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру

- “Килемчи укмуш кылып килемди токуган менен өзүнүн тагдырын токуй албайт. Жашоодо тагдырды өзгөрткөн окуялар болот” дегенди айтып бергиңиз келдиби? Спойлер болбосун го, бирок тасманын интригасы эмнеде?

- Драматургияда “сүйүү үч бурчтугу” деген түшүнүк бар. Тасмада Кадыр, үйдүн келини Ширин, килемчи Турдугулдун окуясы. Үчөөнүн сүйүүгө, үй-бүлөгө, коомго болгон мамилеси чагылдырылат. Өзүңүз айткандай спойлер болбосун, биз Баткендин жашоо-турмушун, өзгөчөлүктөрүн дагы камтып кеткенге аракет кылдык.

“Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру
“Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру

- Тасма тартылып жаткан учурда биздин Баткендеги кабарчыбыз дагы барып келген.

- Аа, барды беле (күлүп). Мен ошону айтайын деп жүргөм, айылдагы кишилердин киного болгон мамилесин журналисттер көрсөтүшсө деп.

- Ошону көрсөттүк да. Кызыгы, сиз тасмага айылдын тургундарын тартыпсыз. Алар “Киного тартылуу менин балалык жылт эткен кыялым эле. Жашым өткөндө тартылып жатам” деп сүйлөп беришкен. Актер эмес кишилер менен кантип иштедиңиз?

- “Селкинчек”, “Беш кемпир” “Маймыл”тасмаларымда актерлор жок. Ичинде актер дегеним эле уулум Мирлан болсо керек. Анткени ал улам тасмага тартыла берип, актердой болуп калды. “Кара, кызыл, сарыны” баштаганда дагы актерлору жок эле тарталы дедик. Эми бул кинонун стилистикасы, өзгөчөлүгү да. Актерлорду Баткенден табалы дегенбиз. Нурбек деген кастинг боюнча директорубуз Баткенде эки-үч ай жүрдү. Карабаган жери калган жок.

“Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру
“Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру

Анан башкы каармандар купулга толбой туруп алды. Турдугүлдүн ролун Наргиза Маматкулова деген жаш режиссер аткарат. Анын актерлук дебюту, өзү да тасма тартып жүрөт. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сабак берет. Тасмадагы Ширин деген келин аябай кыялы чорт, өтө татаал каарман. Аны аткара турган актрисаны табыш дагы оңой болбоду. Аны аткарган актрисаны Баткен театрынан таптык. Ал дагы мурда киного түшпөптүр, жаңы жүз болду. Кадырдын ролуна киши табуу дагы кыйын болду. Адилет деген каскадер жигитти ылайык көрдүк эле. Мына-мына тартабыз деп турганда, “Актан байке, Орусияда келишимим бар эле, азыр эми чыга калыптыр. Аларга барбасам болбойт” деп кечирим сурап кетти. Тегерегимде бир эле Мирлан калды. Ошентип “мурда тартылгандарды тартпайм” деген убадамды гана аткара албай калдым.

Мирлан Абдыкалыков Кадырдын ролунда. “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру.
Мирлан Абдыкалыков Кадырдын ролунда. “Кара, кызыл, сары” тасмасын тартуу учуру.

Таң калганым, айылдагы 70-80ге чыккан кишилер шумдук ойноп беришти. Мамат аке деген каарман бар, Марзия деген чек арачы апабыз, абысындын ролун аткарган келин. Эми кинону буйруса көрөсүңөр го, өтө мыкты аткарышты. Мурдатан эле “кыргыздар киного өтө жакын эл” деп ойлочу элем. Ошого дагы бир жолу ынандым. “Тасмада ойнобош керек, жашаш керек” деп дайыма айтып жүрөм. Айылдагылардын бизге кылган, жумушка кылган мамилеси дагы абдан таң калтырды. Айткан убакта костюмдарын кийишет, кадимки актерлордой эле грим кылышат. Марзия эжебиз дагы “мага айтып тургула, кандай кылайын” деп дилгирленип турду.

Мамат аке деген каарманды тапканыбыз дагы кызыктуу окуя. Нурбек бир күнү эле “мен сизге укмуш каарман таптым, эшек минип көчөдө келатыптыр” деди. Көргөндө эле, ушу кишини тартам дедим. Аябай куудул, аккордеон дагы ойнойт экен.

Тасмада суу талашкан сцена бар. Ошону тартып жатканыбызда жанындагы кишини айттым да, "Мамат акени кичине түртүп койсун” деп. Ал “андай кыла албайм, менин агайым” деп жатпайбы. Көрсө, Мамат аке мектепте тарыхчы мугалим болуптур. Башынан өткөндөрү өзүнчө эле кино. Аны айылда той-топур болгондо “аккордеон ойноп бериңиз” деп чакырышчу тура. Ал киши барган жеринде көшөгө тарттырып, көрүнбөй олтуруп алып аккордеон тартат экен. Уялабы же мугалим болгондуктан жазганабы, билбейм. Айтор кызык окуялары толтура. Биздин тасмада адагы аккордеон ойногон жери бар.

Көркөм тасмадагы эки каармандарды Баткендеги Газ, Таян айылдарынын тургундары аткарышты.
Көркөм тасмадагы эки каармандарды Баткендеги Газ, Таян айылдарынын тургундары аткарышты.

- Баткендин кайсыл айылында тартылды?

- Газ, Таян деген айылдарда тартылды. Бирок негизинен Таянда тартып калдык. Каармандын үйү ушул айылда болгондуктан ошол тегеректе тарттык.

- Сиздин кайсыл тасманы албайлы укмуш локацияларды таап аласыз. Айталы, “Эсимде” тасмасындагы тамырлары чыгып турган дүпүйгөн бак шумдук го. Сиз өзүңүз издеп табасызбы ушундай жерлерди?

- Биринчи кесибим сүрөтчү деп айтып өтпөдүмбү. Тасма тартыла турган жерге деле актерлорго кылгандай мамиледе жасайм. Атайын издейм, көпкө издейм. “Бешкемпирди” тарта баштаганда эле өлкөнүн түштүгүнөн тартсамбы дегем. “Свет акеде” аябай көп кыдырдык. Бир варианты Шамалды-Сай болуп калды. Анда дагы Баткенге чейин кыдырганбыз. Ал убакта пленкага тартчубуз, жол маселесинен улам бул жактан тартып жүрдүк. Актерлордун жылдызы бар деген сыяктуу эле жердин дагы өзүнүн аурасы болот. Айылдан же ошол тасма тартылып жаткан жердин өзгөчөлүгү болуш керек. Балким чоң суу агат же башка ушул сыяктуу.

- Коомду эрчитүү, тарбиялоо деп айтып калабыз. Искусствонун түрлөрүнөн көркөм адабият, сүрөт, музыка ушундай милдетти аткарат деп жүрөбүз. Бирок ушул үчөө тең кинодо бар эмеспи. Соңку кездери мага коомдо агрессия көптөй сезилет. Кыргыз киносу аркылуу кыргыз коомуна кандай баалуулуктарды жайылтып жатабыз? Сиздин аудиторияңыз ким?

- Албетте, искусство деген сиз айткандай, көрөрманды бийиктикке жетелеши керек да. Мен канчалык ээрчитип жатканымды билбейм. Эми атайын андай максат койбойсуң. Өзүңдөгү ички түйшөлүүнү алып чыкканга аракет кыласың. Менин көрөрмандарым бар. Байкасам жылдан-жылга көбөйүп баратат. Мындай кинолорду аз тартабыз. Эл деле ушундай тасмаларды самап калат го. Сиз айткан үй-бүлө зомбулугу, коомдогу агрессия бизде эле эмес. Дүйнө жүзүн карасаңар ар кандай согуштар болуп, агрессия көп. Фестивалга баратканда “дүйнө ушундай чайпалып турса, чоң окуялар болуп жатса, анан асмандан түшө калгандай теманы тартып барсам” деп чочуладым. Өтө жөнөкөй окуя да, үй-бүлө баалуулугу, сүйүү тууралуу. Бирок ичимде “сүйүүнү тааныбасак, агрессия, зомбулук ошондон пайда болот” деген өзүмдүн концепциям бар эле. Анткени, саясат, агрессия, согуш тууралуу кинолор дагы көп тартылып кетти. Албетте, кинонун өзүнчө баалуулугу бар деңизчи. Бирок бүгүнкү күнгө ылайыктап тартылгандай сезилет. Менимче, биз сүйүүнү терең аңдап түшүнө албасак, ушундай нерселер боло берет го деп ойлойм. Ар бир кишиде сүйүү сезими, жылуулук болушу керек.

- Алдыда сизде кандай темада тасма тартуу ниети бар?

- Эки багытта иштеп жатам. Көптөн бери эңсеп жүргөн Үркүн темасы бар. Тагыраагы, Касымалы Баялиновдун “Ажар” деген чыгармасы. Мен үч жолу Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институна (ВГИК) тапшырып, өтө албай калгамын. Алардын ушундай жери бар: “Эгерде окуу жайга өтүп калсаңыз, кандай тасманы тартат элеңиз?” деп кайрылат. Мен ошондо “режиссер болуп калсам “Ажарды” тартмакмын” деп жазгамын. Сценарий жазылган, өкмөткө кайрылып каражаттан колдоо сурасамбы деп турам. Анткени көп каражат кетет. Өкмөттүн колдоосу болбосо тартышым кыйын. Бул тема биздин тарыхтагы терең айтылбай келаткан трагедия. Анан калса Ажардын окуясы дүйнө жүзүнүн көңүлүн бура турган трагедия эмеспи. Ушу тапта бир нече өлкөдөгү согуштар, күндөн-күнгө мени кабатыр кылган нерселер болуп жатат. Ушул убакта “Ажар” тартылыш керек го. Адамдын өмүрү канчалык ыйык экенин көрсөткүм келет. Бала кезде ар бир үйдө эле радио илинип турчу. Анан ошондо “Ажарды” радиоспектаклин угуп алып, чоң апаларым көзүнө жаш алышчу. Кинодогу накта драма, трагедия ошол “Ажарда”.

Айрым кыскартуулар менен берилди. Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз:

Шерине

XS
SM
MD
LG