Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады


Ош шаарындагы сел каптаган көчөлөрдүн бири.
Ош шаарындагы сел каптаган көчөлөрдүн бири.

Ош шаарында 10-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрдү. Мэрия суу каптаган көчөлөрдү шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев кыдырып чыкканын, кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу ыкчам тапшырмаларды бергенин билдирди.

Азырынча зыян-чыгым тууралуу толук маалымат бериле элек.

Социалдык тармактарда жаңы муниципалдык базардын чатырынан суу агып, базарды каптаганы, буга айрым соодагерлер нааразы болуп жатканы тартылган видеолор тарады. Мэрия бул дооматтарга азырынча жооп бере элек.

Ушул айдын башында бул жаңы базарга шаардагы бир катар ири базарлар көчүрүлө баштаган жана жаңы жайдын сапатына байланыштуу буга чейин дагы нааразылыктар айтылып келген.

Ошто былтыр жайында дагы катуу жааган жаандан улам бир канча жолу сел жүргөн жана кырсыкта адам өлүмү менен коштолгон окуялар орун алган.


Шерине

XS
SM
MD
LG