Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

"Дүкөнгө чыккан бойдон кайтып келбеди". Ооганстанда дагы бир ырчы дайынсыз


Зулала Хашими (ортодо) "Ооган жылдызы" жарышында. Кабул, 9-март, 2017-жыл
Зулала Хашими (ортодо) "Ооган жылдызы" жарышында. Кабул, 9-март, 2017-жыл

Ооганстанда популярдуу ырчынын дайыны бир айдан бери чыкпай жатат. Музыкага тыюу салынган, акыркы бир нече жылда кеминде эки ырчы атып өлтүрүлгөн өлкөдө Зулала Хашиминин тагдыры тынчсыздануу жаратууда. Ооганстанды башкарган талибдер музыка шариятка төп келбейт деп эсептейт.

Зулала Хашими мындан он жылча мурун жаш таланттардын конкурсунан кийин кеңири калайыкка таанылган.

Күйөөсү ал 4-июнда Кабулдагы үйүнөн Курман айтка тамак-аш алуу үчүн дүкөнгө кеткен бойдон кайтып келбегенин, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын айтат.

“Зулала жакын жерде жашаган таежеси менен дүкөнгө жөнөмөк, бирок алардын үйүнө барбаптыр. Чөнтөк телефонун да алган эмес, себеби ошол маалда төрт жашар балабыз аны менен ойноп аткан. Ыйлабасын деп телефонун таштап кеткен”, - деп айтып берди “Азаттык” радиосуна ырчынын күйөөөсү Саед Мохсен Садат.

Аялы эки саатта келерин айткан экен.

Музыкага тыюу салынган, акыркы бир нече жылда кеминде эки ырчы атып өлтүрүлгөн өлкөдө Зулала Хашиминин табылбай жатышы тынчсызданууга жем таштады.

Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” кыймылы музыка шариятка туура келбейт деген шылтоо менен коомдук жайларда, үйлөнүү үлпөттөрүндө жана башка иш-чараларда, теле менен радиодо обон, ырларды коюуга тыюу салган.

Садат бийликтен жардам суроого аракеттенгенин, бирок талиб полициясы аракет көрбөгөнүн, “жетиштүү кызматташпаганын” айтат.

Комментарий сейрек берген “Талибан” кыймылынын Ички иштер министрлиги 25 жаштагы Зулала үй-бүлөлүк маселелерден, зомбулуктан улам үйүнөн качканын билдирди.

“Биздин иликтөө аял көптөн бери чоң муштум күйөөсүнөн токмок жеп, аны менен пикир келишпестиктен жапа чегип жүргөнүн, акыркы күндөрдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөндүктөн, үйүн таштап, башка жерге кетүүгө аргасыз болгонун көрсөттү”, - деп айтты “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Абдул Матин Кани.

Ал полиция аялдын кайда экенин билүүгө аракет көрүп жатканын кошумчалап, Зулала ажырашуу үчүн кайрылса болорун айтты.

“Сүйүп баш кошконбуз”

Бирок ырчынын күйөөсү үй-бүлөлүк зомбулук деген дооматты четке кагууда. Анын айтымында, түгөйү менен бири-бирин сүйүп баш кошкон. Консервативдүү Ооганстанда жаштардын көбү ата-энеси тандагандар менен үйлөнөт.

Садат менен Зулала он чакты жыл мурун "Толо" телеканалынын студиясында таанышып, бири-бирин жактырып калышкан. Ошол маалда ал техник болуп иштечү. Өлкө чыгышындагы консервативдүү Нангархар провинциясында туулуп-өскөн Зулала ал маалда, 2016-жылы өтө популярдуу болуп турган жаш таланттардын “Ооган жылдызы” деген конкурсуна катышкан. Анын пуштун тилинде аткарган ыры заматта эл арасында тарап кеткен. Ырчы сынакта экинчи орунга чыгып, финалга жеткен алгачкы аткаруучу аял болуп калган.

Миллиондогон оогандык 15 жыл калтырбай көргөн “Ооган жылдызы” жарышын талибдер бийликке кайтып келген 2021-жылы жаап салышкан.

Талибдердин Кабулдагы бийликти кайтарып алышы жүздөгөн жергиликтүү ырчы, бийчи, обончуларды өлкөдөн кетүүгө мажбур кылды. Кете албагандар өз өмүрүнө сарсанаа болуп, башкалар кабылган үрөй учурган окуяларды көрүп, үн чыкпай отуруп калды.

Салттуу ырларды аткарып жүргөн Фавад Андарабини 2021-жылы Баглан чөлкөмүндөгү үйүнөн сүйрөп чыгып, башына атышкан. Жакындары анын көзүн талиб согушкерлери тазалаганын айтышат.

Дагы бир музыкант, Муслим Ниристани 2023-жылы Нуристан провинциясында атып өлтүрүлгөн.

Өткөн жылы “Талибандын” Адеп-ахлак министрлиги 21 миң музыкалык аспапты өрттөгөнүн билдирген.

Министрлик “мыйзамсыз” деп атаган жабдыктар өрттөлгөн сүрөттөрдү таратып, “музыка “моралдык бузулууга” алып келерин айткан.

1996-2001-жылдары Ооанстанды башкарып турганда талибдер коомдук жайларда, тойлордо, иш-чараларда, теле жана радиодо музыканын бардык түрүнө тыюу салган.

“Зулала аткаруучу карьерасын улантууну каалаган”

“Ооган жылдызы” жарышынан кийин Зулала калың элдин назарынан оолак жашап келген. Күйөөсү ага калың эл алдында ыр аткарууга уруксат бербей койгон деген имиштерди четке какты.

“Мен сахнада ырдап жаткан кызды жакшы көрүп калгам. Анан ырдаба деп кантип тыюу салат элем? Ал өзгөчө өкмөт кулагандан кийин өзү ырдабайм деп чечкен, анын тандоосу болчу. Зулала ырдаганды жакшы көрөт, чөнтөк телефонуна бир нече ырды жаздырган, бирок үйлөнүү тойлорунда ыр аткарууну же социалдык түйүндөрдө бөлүшүүнү каалачу эмес”, - деп айтты Садат.

Жубайлар Ооганстандан Германияга кетип, ал жакта жайгашууну пландап жаткан. Садаттын айтымында, Зулала кайрадан аткаруучулук менен алектенүүнү көздөгөн. Ал миграциялык иши каралып жатканын айтты. “Азаттык” радиосу бул маалыматты тастыктай албайт.

“Зулала качан кетерибизди толкунданып күтүп жаткан. Бул анын демилгеси болчу, өзүн абдан бактылуу сезип жаткан”, - деп айтты Садат.

Ырчынын энеси жана бир туугандары “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берген жок.

Макаланын авторлору: Firuza Azizi жана Farangis Najibullah

Шерине

XS
SM
MD
LG