14-июлда АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскертти.
Трамп тарфитер 100% чейин көтөрлүшү ыктымал экенин белгиледи. АКШ Сенатында ушул тапта Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган соода өнөктөштөрүнө төлөмдөрдү 500% чейин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Америкалык лидер Москва менен макулдашууга жетишебиз деп турганын, согушту токтотуу үчүн соода "жакшы курал" болуп берерин белгиледи.
Трамп Вашингтон жана анын өнөктөштөрү НАТОго кирген Европа өлкөлөрүнүн эсебинен Украинага курал-жабдык жиберүүнү макулдашканын айтты. Курал-жабдыкты жеткирүүнү НАТО координациялайт. "Биз курал-жарак чыгарабыз, ал үчүн биз эмес, алар төлөшөт" деп Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрүн көрсөттү.
Трамп ошондой эле Киевге абадан коргонуучу "Пэтриот" системаларынан 17ге чейин берилерин, алар "тез арада" майданга жеткирилерин айтты. Ачык маалыматка караганда ушул тапта Украинада мындай жети система бар.
Рютте абадан коргонуу системаларынан башка дагы курал-жабдыктын түрүн жеткирүү тууралуу сөз болгонуна токтолду. Маалымат каражаттары Киевге алыска уча турган ракеталарды берүү жагы караларын жазган.
Трамп Орусиянын Украинада урушту токтотпой жатканына нааразы экенин белгилеп, Вашингтон тынчтык келишимине жакындап калдык деп санаганы менен реалдуулук андай болбой калганын дагы кайталады.
Москва ок атышууну токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн өз шарттарын коюп, анын ичинде Украинанын төрт облусунан украин армиясынын чыгып кетишин талап кылган. Киев Кремлдин шарттарын кескин четке каккан.
Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин Москва комментарий бере элек.
Шерине