Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

АКШ соту оогандардын убактылуу коргоо макамын 21-июлга чейин калтырды


АКШга келген оогандык качкындар. Август 2021-жыл
АКШга келген оогандык качкындар. Август 2021-жыл

АКШнын төртүнчү округунун апелляциялык соту президент Дональд Трамптын администрациясынын миңдеген оогандыктын убактылуу коргоо макамын (TPS) алуу чечимин бөгөттөдү. "Рейтер" жазгандай, 14-июлда кабыл алынган чечимде 21-июлга чейин административдик бөгөттөө каралган. Муну менен адам укуктарын коргоочу CASA уюмунун арызын кароого убакыт болмокчу. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги бул жаңылыкка комментарий бере элек.

Атайын макамы алынса оогандыктар “Талибан” көзөмөлдөгөн өлкөсүнө депортация болушу мүмкүн.

Ички коопсуздук министрлиги быйыл 12-майда оогандыктардын атайын макамы 14-июлда соңуна чыгарын жарыялаган. Мекеменин жетекчиси Кристи Ноем Ооганстандагы кырдаал жалпысынан жакшыргандыктан атайын статусту узартууга "негиз жок" деп эсептейт.

Ушу тапта бул программанын алкагында 9-12 миң оогандык АКШда мыйзамдуу жашап, иштеп жүрөт.

Укук коргоочулар жана оогандык качкындар министрликтин чечимин айыптап, Ооганстандагы реалдуулук көз жаздымда калганын, мекенине кайтса алардын өмүрүно коркунуч тууларын айтышууда. Алардын айтымында, оогандыктардын көбү өз кезинде АКШнын аскерлерине жана эл аралык уюмдарга жардам беришкен, ал үчүн куугунтукка кабылуу коркунучу жаралган.

БУУнун жана эл аралык укук коргоо уюмдары Ооганстанда адам укуктары одоно бузулганын белгилейт.

Талибдер Кабулдагы бийликти кайрадан ээлеп алган 2021-жылдын августунан бери 180 миңдей ооган АКШга качкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG