Түркияда сот Стамбулдун оппозициячыл мэри Экрем Имамоглуну тагылган айыптардын бири - шаардын прокурорунун "беделине шек келтирип, коркуткан" деген кине менен бир жыл сегиз айга кести. Бул тууралуу түрк медиасы кабарлады. Сот Имамоглунун саясий ишмердигин чектеген жок. Мэр 2025-жылы январда Стамбулдун прокурору Акын Гүрлектин дарегине айткан сөздөрү үчүн айыпка жыгылган.
Турк президенти Режеп Тайип Эрдогандын башкы саясий атаандашы саналган Имамоглу өзүнө тагылган айыптардын баарын четке каккан. "Сот системасын кыянаттык менен саясий курал катары пайдалануу - улутту шылдыңдоо. Мен ошого каршы күрөштүм", - деп айткан мэр сотто туруп.
54 жаштагы Имамоглу Стамбулдун мэрлигине экинчи жолу былтыр шайланган. Ал быйыл 18-мартта оппозициялык Республикалык элдик партиянын 2028-жылы өтчү президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөтүүчү ички тандоосуна бир нече күн калганда кармалган.
Андан кийин нааразылык акциялары уланган. 22-мартка караган түнү жүз миңдеген киши көчөгө чыгып, Имамоглуну жана аны менен кошо кармалган жүзгө жакын саясатчыны, журналистти жана ишкерди эркиндикке чыгарууну талап кылышты.
Президент Эрдоган өкмөт "вандализмге" жана "көчө терроруна" багынып бербей турганын, коомдук тартиптин бузулушуна жол берилбесин айткан.
Имамоглу камалагандан кийин мэрдин милдетин оппозициялык партиянын башка өкүлү - Нури Аслан аткарууда.
Шерине