Украинанын Аба күчтөрү Орусия өткөн түнү бир катар шаарларга 728 дрон менен сокку урганын жана бул согуш башталгандан берки рекорддук сан экенин билдирди.
Маалыматта 728 дрондон тышкары 13 “Искандер” жана “Кинжал” ракеталары менен сокку урулганы айтылат. Анын ичинен 718 дрон жана “Искандер” канаттуу ракеталары уруп жок кылынган же радио электрондук ыкма менен зыянсыздандырылган.
Соккулардын негизги бутасы Волынск облусу менен Луцк шаары. Бул аймактарга 50 дрон жана беш ракета атылган. Жергиликтүү бийлик жараат алгандар боюнча маалымат бере элек.
Украин Аба күчтөрү кабарлагандай, төрт сокку бутага тийген, урулган ракеталардын жана дрондордун сыныктары 14 жайга түшкөн.
Орусиянын Украинанын аймагына урулган соккулардын саны боюнча буга чейинки рекорд 4-июлда катталып, анда 550 дрон жана ракета учурулган.
АКШ Украинага кошумча курал-жарак жөнөтөт. Бул тууралуу Кошмо Шттардардын президенти Дональд Трамп 7-июлда билдирди.
“Биз көбүрөөк курал-жарак жөнөтөбүз. Биз муну кылышыбыз керек. Алар өздөрүн коргогондой абалда болууга тийиш. Азыр абдан катуу соккуга туш болууда”, - деди Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан кийин журналисттерге менен баарлашуусунда.
АКШ президенти биринчи кезекте коргонууга багытталган курал-жарак жөнөтүлөрүн кошумчалады. Ал орус президенти Владимир Путиндин аракеттерине нааразы экенин кайталады.
Ал эми Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнелл Трамптын тапшырмасы менен Коргоо министрлиги кошумча курал-жарак жөнөтөрүн, бул украиналыктар өзүн коргошуна шарт түзүү максатын көздөрүн билдирди. Парнелл Трамптын администрациясы башка өлкөлөргө аскердик жардам боюнча саясатын кайра карап чыгууну уланарын белгиледи.
Июлдун башында Кошмо Штаттар Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону белгилүү болгон.
Мындай чечим Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабылганы менен байланыштырылган.
Орусия өткөн түнү Украинанын аймагына төрт С-300/400 зениттик ракета жана 54 дрон менен сокку урганын украиналык Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, саат 8:00гө карата 34 дрон “зыянсыздандырылган”, алардын 26сы атып түшүрүлсө, сегизи радио электрондук жактан блоктолгон.
“Душмандын соккуларынан беш дрон бутага тийгени катталды”, - деп жазылган билдирүүдө.
Орусиянын Коргоо мниистрлиги шейшембинин таңында өткөн түнү Белгород облусунун аймагында үч украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиялык байкоо салган каналдар түнү эки же үч облустун аймагында дрондор учканын жазышты, Орусиянын Авиация кызматы Пермь аэропорту эки жарым сааттай жабык болгонун билдирди.
Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Украинаны 100дөн ашуун дрон жана төрт С-300/400 ракетасы менен аткылаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Харьковдун Словодской районунда балдар бакчасы менен соода жайы бузулганын Украинанын чукул кырдаалдар кызматы билдирди. Шаар мэри Игорь Терехов орусиялык аскерлер эл жашаган конушту жана жарандык жайды бутага алды деп айыптады. Шевченко районунда көп кабат үйгө дрон тийгенде өрт чыкты. Жабыр тарткандардын саны 27ге чыкты, алардын үчөө балдар.
Одессада гараждар турган жай, машине оңдоочу жердеги кеңсе жана бир нече вагон талкаланды. Жеңил, жүк ташуучу машинелер жана автобус иштен чыкты. Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер жаңы конуштун жанындагы күзөт турган жерге сокку тийгенде бир киши набыт болгонун билдирди.
Просяная айылында жеке үйлөрдүн бирине дрон тийгенде өрт чыгып, үч киши жабыр тартты.
Киевдин мэри Виталий Кличко баш калаанын Деснянский районунда дрон сыныктары административдик имараттын дубалын, газ куурун бузуп, токтоп турган машинеге тийгенде жарылуу болгонун билдирди.
Соломенский районунда атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы машине жуучу жерге, Голоссевский районунда кеңсеге тийгени, андан эч ким жабыр тартпаганы кабарланды.