Орусия Киевге чабуулун күчөттү
Орусия аскерлери Киевге чабуулдун алдында борбор калаанын кан жолдорун кесип, логистикасын талкалоону көздөп жатат. Кандуу салгылаштар Мариупол, Харьков, Николаев баштаган бир катар шаарларда уланууда. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкка кайрылып, өлкө супер-президенттик башкаруудан кайтышы керектигин билдирди. Токаев өзү төрагалыгынан баш тартып жаткан мурдагы "Нур Отан", азыркы "Аманат" партиясынан акимдер менен министрлер да чыгышы керектигин айтты. Ошто “каржы пирамидасын” түзгөн деген шек менен S-LINE кооперативинин жетекчиси кармалды.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү