Сузактагы эски жатакана ооруканага айланат
Сузакта ашар ыкмасы менен жугуштуу оорулар үчүн бейтапкана ачуу демилгеси ишке ашууда. Ага ылайык 304 орундуу эски имаратты капиталдык оңдоо иштери башталды. Жалпы коомчулук колдоосуна алынган кесиптик лицейдин жатаканасын райондук штаб ооруканага айландыруу боюнча чечим кабыл алган. 21-июлда бул багытта марафон да уюштурулду. Район жетекчилиги демөөрчүлөрдү оорукананын курулушуна салым кошууга чакырууда.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”