Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган. Ал күндөр эл арасында “каргашалуу”, же "кара июль" деген ат менен эсте калды. Андан бери беш жыл өтүп, ал апаат кыйла унутулуп кетти. Бирок ал күндөр дарыгерлердин эс-тутумундагы өчпөгөн кара так болуп калды. “Данисте” берүүсүндө “каргашалуу июлдун” сабактары тууралуу айтып беребиз.