Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте өрт чыкканын билдирди. Учурда аны өчүрүүгө төрт күжүрмөн топ тартылганын, кошумча маалымат берилерин кабарлады.

"Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде иш алып барууда", - деп жазылган маалыматта.

Май айында шаардагы №63 мектепти да өрт чалган жана имараттын 100 чарчы метр аянты күйүп кеткени кабарланган.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Дагы караңыз

Европарламент Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштарын айыптадыТашиев кадр саясатына кийлигишет деген ЖК депутаттарынын атын атады ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди