Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

​Бишкекте ала булут каптап турат, өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 14 метрге жетет.

Дагы караңыз

Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктары жоюлат Орусиянын Киевге соккусунан киши өмүрү кыйылып, бир нечеси жабыркадыМукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте өрт чыкты Сот “Апрель” телеканалын жабуу чечимин чыгарды