"Илан Шорду тааныбайм". Билим берүүгө орус олигархы кантип аралашты?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топко Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Илан Шор да киргени белгилүү болду. Ал эми бул демилгени ишке ашырууга жооптуу делген “Евразия” деп аталган уюм бир нече жылдан бери Кыргызстандын билим берүү тармагына кызуу аралаша баштаган. Алар Бишкектин жогору жагына парк дагы салып жатышат. Орусия каржылаган бул уюмдун Кыргызстанда активдешип жатышы кызуу талкууланып, Кремлдин кезектеги саясаты катары сыпатталып жатат.