Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курск облусундагы салгылашка Түндүк Кореядан аскер жөнөтүү тууралуу чечимди Пхеньян кабыл алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Москва бул сунушту “тилектештиктин чыныгы көрүнүшү” катары кабыл алган. Лавров эки өлкөнүн алака-катышын “жеңилгис боордоштук” катары сыпаттады.
“Бизде тилектештиктин чыныгы көрүнүшүнөн баш тартууга кандайдыр бир себеп болгон эмес. Түндүк Корея стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимибизди кандай аткарарын өзү билет деген ойдобуз”,-деди Лавров түндүк кореялык кесиптеши Цой Сон Хи менен жолугушуудан кийин.
Лавров ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери такай байланышта экенин белгиледи.
Цой Сон Хи болсо Пхеньян Орусиянын аракеттерин токтоосуз колдорун, мамлекеттер аралык келишимдеги бардык жоболорду кынтыксыз аткарарын айтты.
Ушул жылдын апрель айында Reuters жана AFP агенттиктери Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитетинин өкүлүнө таянып Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын жазып чыгышкан.
Анын алдында Пхеньян аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын биринчи жолу ырастаган.
Ага чейин түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги байма-бай кабарлап келген.
Өткөн айда Түндүк Корея Курскидеги кыйраган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам иретинде 1000 сапёр жана 5000 аскердик куруучу жиберүүгө убада берген. Май айында бул өлкөдөн жалпы 15 миңдей мигрант келгени белгилүү болгон.