Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында дүйнө салды

Өмүрбек Абдрахманов "Азаттыктын" Бишкек студиясында, 20-октябрь, 2011-жыл

14-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, ишкер Өмүрбек Абдрахманов 77 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.

Өмүрбек Абдрахманов 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде катчынын орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1975-1980-жылдары студенттик отряддар штабынын командири, 1980-1987-жылдары Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы асыл тукум заводунун партиялык уюмунун катчысы болуп эмгектенген. 1987-жылдан 1989-жылга чейин Арашан айылдык кеңешинин төрагасы, 1991-жылдан тарта Чүй облустук кеңешинин башкармалыгынын жетекчиси, 1994-жылдан 2008-жылга чейин «Азат мебель» компаниясынын директору болгон.

2007-жылы март айында «Реформалар үчүн» кыймылынын координатору болгон. 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2015-жылы "Ар-намыс" партиясынан депутаттыкка талапкерлиги коюп, парламентке өтпөй калган.

Соңку жылдары Кемин районунда алма өстүрүп, ишкерлик менен алектенип жүргөн.

"Азаттыктын" архивинен

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан Орусияга биротоло ыктадыбы?

"Азаттык" радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтат.