КФБ Ташиев Словакиянын "Тренчин" футбол клубунун акциясын сатып алганын төгүндөдү

Камчыбек Ташиев 2024-жылы февралда Кыргыз футбол биримдигинин төрагасы болуп шайланган

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Словакиянын "Тренчин" футбол клубунун акциясын сатып алган деген сөздөрдү жокко чыгарды. Уюмдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган маалыматта бул клуб менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргыз футболчулары, машыктыруучулары тажрыйба алмашып жатканы жазылган.

"Камчыбек Ташиев эч бир чет өлкөлүк (анын ичинде "Тренчин" клубу) жана жергиликтүү футбол клубдарынын акцияларына ээлик кылбайт. КФБ жана анын жетекчилиги чет элдик инвестицияларды тартуу, эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана квалификациялуу адистерди тартуу менен өлкөдөгү футболду өнүктүрүү максатында эл аралык кызматташтыкты активдүү жүргүзүп келет. Словакиянын "Тренчин" клубу менен расмий кызматташтыктын алкагында эки кыргыз футболчусу бул клубдун курамында даярдыктан өттү. Ошондой эле КФБнын машыктыруучусу учурда аталган клубда окуудан өтүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Ташиев "Тренчин" клубунун карызын жаап, анын 10% акциясын сатып алды деген маалыматтар чыккан.

Ушул жылдын башында Ташиевдин уулу, Кыргызстандын жаштар курама командасынын капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев "Тренчин" менен 1,5 жылдык келишим түзгөнү, аталган клубдун курамында ойнору тууралуу маалыматтар чыккан.

Камчыбек Ташиев 2024-жылы февралда Кыргыз футбол биримдигинин төрагасы болуп шайланган.

Дагы караңыз

Сот Тилекмат Куреновдун абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узарттыУКМК Кыргыз-орус славян университетинен 12 студент чыгарылганын билдирдиБажы кызматынын кадрлар резервине 382 талапкердин 66сы өттү Казакстанда ТИМ "Азаттыктын" дагы тогуз кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартты Кая Каллас Орусияга берилген 50 күндүк мөөнөт "өтө узак" экенин айтты Камерундун 92 жаштагы президенти дагы шайлоого катышарын билдирди Зеленский Украинаны колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди Футбол: Урмат Абдукаимов Кыргызстандын курама командасын убактылуу машыктырат