Донбасста согуш башталган 2014-жылы жана 2022-жылы февралда Украинага масштабдуу басып киргенге чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын агрессиясын "орус тилин жана ал тилде сүйлөгөндөрдү Киев өкмөтүнөн коргоо зарылдыгы" катары түшүндүргөн.
Бирок 10 жылдан ашкан убакыттан бери Украинанын түштүгү менен чыгышындагы оккупацияланган аймактарда жашаган украиналык чиновниктер, активисттер орус бийлиги украин тилин, улуттун иденттүүлүгүн жок кылып, орусташтыруу боюнча кеңири өнөктүк баштаганын айтып келишет.
Быйыл 1-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышы менен Орусия бул багытта маанилүү кадам таштаганы турат: Орус Агартуу министрлигинин буйругунун негизинде украин тили оккупацияланган аймактардагы бардык мектептердин программасынан алынмакчы.
Документте украин тилин мектеп программасынан чыгаруу "дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү" менен байланыштуу экени айтылат.
Украиналык аткаминерлер, активисттер муну мажбурлоо деп сыпаттап, максаты Путин негизсиз түрдө "Орусиянын бөлүгү" деп атаган Крым менен төрт аймакта (Херсон, Запорожье, Донецк, Луганск) Москванын көзөмөлүн күчөтүүгө багытталганын билдиришет.
Бул документ Путиндин Украинаны өзүнө баш ийдирүү аракетине дал келет. Ал эч уялбай туруп орустар жана украиндер "бир эл" деп калп айтат, анын сөзүн Орусиянын мамлекеттик пропагандасы кайталайт.
«Баскынчылар маданий иденттүүлүк өтө маанилүү экенин жакшы билет. Украин тилин билген адам болочокто украин дүйнөсү менен украин коомчулугунун бир бөлүгү болуп каларын түшүнөт», — деди Донецк, Луганск облустарындагы украиндердин элдик кеңешинин төрагасы Станислав Федорчук.
«Орусиянын максаты— аларды эне тилинен ажыратуу жана агартуу тармагынан тилди сүрүп чыгаруу», — деди ал.
Кремлдин мындай максаты кайсы бир деңгээлде ишке ашты, айрыкча 2014, 2025-жылдан бери көзөмөлдөп жаткан Крымда жана Донецк менен Луганск облустарынын айрым райондорунда.
Донбасстын Орусия көзөмөлдөгөн аймагындагы мектепте окуган, азыр Украина менен чектешкен аймактагы университетте билим алып жаткан 18 жаштагы Оля оккупациядан кийин украин тили жана адабияты бир предметке бириктирилгенин, башында жумасына бир жолу окутулуп жаткан сабак 2020-жылы биротоло жоюлганын "Азаттыкка" айтып берди.
Станислав Федорчуктун айтымында, Орусия оккупацияланган аймактардагы мектептерди "окуучуларды ар кайсы аскердик түзүлүштөргө азгырууда" колдонуп жатат. Орус бийлиги аларда окуган балдар кийин Орусия тарапта согушуусун каалайт. Албетте, мындай карөзгөй системада украин тилдүүлөргө, жүрөгү Украина деп соккондорго орун жок.
Орусиянын Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2023-2024-жылы украин тили Запорожье менен Херсондун баскынчылар ээлеп турган аймактарында милдеттүү предмет катары, ал эми оккупацияланган Крымда, Донецк, Луганскиде ата-энелердин каалоосу менен окутулган.
Федорчуктун айтымында, украин тилин мектеп программасынан алганы менен кээ бир мектептер негизги жадыбалдан тышкаркы убакта аны окута бериши мүмкүн, бул жагдай окуучуларга, ата-эне, мугалимдерге ыңгайсыз болушу ыктымал.
«Алар ушундай жылчыкты: «Мына, биз оккупацияланган аймактардагы мектептерге украин тилин сактоо эркиндигин берип жатабыз» деген шылтоону айтыш үчүн калтырышты».
Украин жана эл аралык укук коргоо уюмдары украин тилин аралыктан же мектепте окутуу же үйрөнүү аракетин көргөндөр кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн экенин айтып келет.
Мектеп директору Ирина Дубас Орусия оккупациялап алган аймактардагы окуучуларга украин тилин аралыктан окутат (видеодон скриншот).
«Орус бийлиги жана алардын ишенимдүү өкүлдөрү украин агартуу программасын аралыктан колдонгон жана орусиялык мектептерге чүрпөлөрүн жөнөтпөгөн ата-энелерди жазаланарын, айыпка жыгыларын, ата-энелик укуктан ажыратыларын, камаларын айтып коркутушту», — деп жарыялаган Human Rights Watch уюму 2024-жылдын июнунда жарыяланган баяндамада.
Согуш маалында балдар укуктарынын бузулушун документтештирген украиналык "Альменда" жарандык билим борборунун маалыматына караганда, Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарында 44 миң бала бар, болжолдуу түрдө 600 бала украин бийлигинин ээлигиндеги мектептерден аралыктан билим алат.
«Оккупациялык бийлик... украин мугалимдерин өздөрү менен кызматташууга көндүрүү, окуучулардын жеке маалыматтарын жана башка документтерди билүү үчүн мажбурлап, кармап, кыйнап, катаал мамиле жасаган, — деп жазылган HRW уюмунун докладында.
Херсон менен Запорожье облустарынын бир топ бөлүгүн басып алгандан кийин орус бийлиги жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзгөн, ага катышкан ата-энелердин теңи балдары украин тилин окушун кааларын айтышканын "Альменданын" эксперти Олег Охредько билдирди.
Анын айтымында, оккупациялык бийлик мектептер менен китепканалардан украин тилиндеги китептерди алып, айрым учурда өрттөп, кээ бирин орус тилиндеги окуу куралдарына алмаштырып коюшкан.
Охредьконун айтымында, Азов деңизинин боюндагы Бердянск шаарында жана Запорожьенин башка кыштактарында орус аскерлери айрым мугалимдерди жер төлөдө кармап, коркутуп, өздөрү менен кызматташууга мажбурлашкан. Ушундай көрүнүштөрдөн кийин бир топ мугалим башка жакка кетип калган.
Орусиянын чабуулу болгон жерде ыйлап отурган жарандар. Кривой Рог, Украина, 5-апрель, 2025-жыл.
Human Rights Watch уюмунун маалыматына караганда, Украинанын бийлигин "неонацисттик" деп атап, өзүнүн баскынчылыгын ар кандай шылтоо менен актагысы келген Кремлдин украин тилин окутууга тыюу салышы көп сандаган эл аралык келишимдер менен стандарттарга каршы келет.
«БУУнун бала укугу тууралуу конвенциясы балдардын билимге болгон укугуна кепилдик берет, ар бир баланын улуттук баалуулугун, тилин, маданиятын сыйлоого милдеттендирет», — деп жазылган HRW уюмунун былтыркы отчетунда.