Социалдык тармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер Эне” подкастында чегирткелер эгин аянттарын каптап, шаарларга чейин кирип келгени көп болот. Зыянкечтер эмнеге көбөйүп жатканын адистер менен талкуулайбыз.
"Чегиртке экономика үчүн кооптуу"
Акыркы айларда социалдык тармактарда чегиртке талааны каптап, ал тургай үйгө чейин кирип жатканын жазышууда.
Токмоктун тургуну Азима Жекишова үчүнчү кабатта жашайт. Ал быйыл үйүнө кирген чегирткелерди көргөн сайын таенесинен уккан сөздү эстеп, түпөйүл тартат.
“2002-2003-жылы да ушундай болгон. Таенем чегиртке көп каптаганда үзүмчүлүк болорун айтып калчу эле. Айткандай эле эгиндин башын кырчып жеп кеткени эсимде. Азыр ошону эстесем эле санааркай берем. Күндө эки-үчтөн кирип жатат. Азыр да бирөө конок болуп келген экен жатат азыр. Эшикте да жайнап жүрөт, бутка жармашып. Чоңдугу бир сөөмөйдөй бар, күрөң. Бир жакшы жери чакпайт экен. Дихлофос чачып көрдүм, өлбөй койду. Төшөккө чейин кирип кетет. Былтыр чиркейге таланып чыкканбыз, быйыл ал жок, бирок чегиртке көп”.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин акыркы маалыматында, Кыргызстанда 103 миң 696 гектар аянтты чегиртке каптаган. 92 миң 709 гектар аянтта дарылоо иштери жүргөн.
Илимий маалыматтарга таянсак, чегиртке үйүрлүү жана жалкы болуп эки түргө бөлүнөт. Айыл чарба үчүн кооптуусу - үйүрлүү чегиртке (саранча).
Кыргызстанда италия чегирткеси (Calliptamus italicus) жана марокко чегирткеси (Dociostaurus maroccanus) байырлайт. Адистер үйүрлүү чегирткенин дагы бир кооптуу түрү - азия көчмөн чегирткеси (Locusta migratoria migratoria) азырынча өлкө аймагында жок экенин белгилешет.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчиси Турсунбек Кубанычбеков быйыл чегиртке капташын аномалдуу ысыкка байланыштырды. Баткен жана Талас облустарында чегирткеге каршы дары себүү аяктаганын белгиледи.
Турсунбек Кубанычбеков.
- Быйылкы жылы тоонун үстүнө, адырларга чейин дары септик. Баткен облусунда техника чыга албаган аймактарына жеңил авиация жиберип, 5 миң гектардай жерде чегирткеге каршы иштер жүрдү. Кыргызстанда үйүрлүү чегирткенин - марокколук жана итаялиялык түрү байырлайт. Мароккодо жана Италияда булар тууралуу маалымат биринчи болуп жазылганы үчүн ушундай аталып калган. Айрымдар чегирткелер ошол жактан ооп келген деп ойлошот экен. Бирок ал жаңылыш түшүнүк. Булар биздин аймакта илгертен эле болгон. Тарыхта чегиртке каптап кеткен учурлар тууралуу маалыматтар бар. Кыргызстандын түштүк аймактарында марокколук чегиртке, ал эми түндүгүндө италиялык чегиртке көбүрөөк кездешет. Экөө тең зыяндуу, көзүнө көрүнгөндүн баарын мойсойт. Кокус, арпа-буудайга каптаса, экономикалык жактан чоң чыгымга алып келиши мүмкүн.
- Маалыматтардан коңшу Казакстандын Жамбыл облусунда да чегиртке каптап жатканын окуп калдык. Ал Кыргызстан тарапка да ооп кетиши мүмкүн да?
- Казакстандагы жана Өзбекстандагы кесиптештер менен маалымат алмашып турабыз. Июнь айынын башында Ташкентте чоң жыйынга барганда чегиртеге байланыштуу үч тараптуу жолугушуу өткөн. Абал туруктуу десем жаңылышпайм. Андан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) жардамы менен казакстандык адистер биз тарапка, биздин адистер алар тарапка барып изилдөө жүргүзүштү. Эки жактан тең аныкталган жок. Өзбекстан тарап менен да ошондой иштер болду.
- Быйыл Бишкектин тургундары чегиртке үйгө чейин кирип жатканын айтышууда. Бул чегирткенин кайсы түрү?
- Чынында чегиртке көп болууда. Мен 11-кабатта турам, өткөндө үйгө бирөө кирген экен. Карасам, жөнөкөй эле чегиртке экен. Биздин адистер дагы атайын изилдөө жүргүзүп, зыянсыз экенин аныкташкан. Биз жакында бул тууралуу дагы маалымат таратканбыз. Менин билишимче, Кыргызстанда чегирткенин 100гө жакын түрү байырлайт. Аба ырайынын ысып кетиши чегирткенин кайсы түрү болбосун көбөйүшүнө шарт түзүүдө. Күн ысыганда чегиртке эле эмес, башка зыянкечтер да көбөйөт.
Италия чегиткеси.
- Бир маегиңизде чегиртке мурда барбаган алыскы жайлоолорго чейин жетип жатканын айткан экенсиз, буга эмне себеп болууда?
- Буга жогоруда белгилегендей аба ырайынын ысышы себеп болууда. Быйыл зыянкечтер мурда чыкпаган жерлерден табылды. Мисалы, Кочкордо, Басбөлтөктө жок эле. Ысык-Атанын Узун-Кыр айыл өкмөтүнөн да чыкты. Бул жерлердин баарында чегирткеге каршы иштер жүрдү.
- Маалыматтардан окуп көрсөм, Италия чегирткеси өлөрман келип, асфальттын кычыгына да жумурткалай берет турбайбы?
- Адам баспаган таштын түбүнө, дарактын коңулуна, адырларга жумуртка таштайт экен. Ал жерден чоңоюп алып, айдоо жерлерге түшөт. Бир айда жетилип канат алат. Биз ошого чейин күрөшкөнгө аракет кылабыз. Канат байлагандан кийин күрөшүү кыйыныраак. Анткени адам басып келе жатканда эле учуп кетет. Бир учканда жүз чакырымдан алыс учушу мүмкүн. Эртең менен кечинде учпай, кыймылсыз абалда болот. Ошон үчүн таңкы саат төрт-бештерде дары чачабыз.
- Чегирткенин көбөйүшүнө табияттагы башка бир жандыктардын, айталы канаттуулардын кайсы бир түрүнүн жоголуп кетиши себеп эмеспи?
- Илгертеден бери келе жаткан чегиртке да. Ошол себептүү кайсы бир жандык жоголуп кетип, анан көбөйдү десем туура эмес болуп калат. Бирок чегирткени чымчыктар жейт. Социалдык тармактарга чегирткеге каршы иш жүргүзүп жатабыз десек, “өрдөк-тоок алып баргыла, тытып жеп кетет” деп пикир жазгандар бар. Тилекке каршы, андай сандагы өрдөк-тоок алып бара турган чамабыз жок. Андыктан химия менен дарылаганга туура келет. Химикаттарды тендер аркылуу алабыз. Мамлекет атайын акча бөлөт. Быйыл дарыларды Кытайдан алдырдык. Техникалар дайын, азыр Суусамыр өрөөнүндө жана Нарын облусунда иш жүрүп жатат.
- Химия менен жайытты дарылаганда башка курт-кумурскалар кантет, аларды жеген чымчыктар, же ошол жерди оттогон мал-жандыктар да ууланбайбы? Сиздер кызматташкан ФАО өткөндө биопестициддерди сыноодон өткөргөнүн жарыялады го. Аны чачып жатасыздарбы?
- Химиялык заттардын башка жандыктарга зыяны тийиши мүмкүн. Жайыт жерлерге дары чачкандан кийин жергиликтүү калкка 15 күндөн бир айга чейин мал жайбагыла деп эскертебиз. Ал эми ФАО биологиялык жол менен күрөшүүнү сунуштап жатат. Бул козу карындан жасалган "Новакрид" деген дары. Аны биринчи жолу былтыр сээп көргөнбүз. Быйыл Суусамыр өрөөнүндө 100 гектар жерге чачтык. Акырындык менен ошого өтө баштайбыз го. Мунун бир жакшы жери чегирткеден башка жандыктарга зыянсыз. Чачкандан кийин мал жая берсе болот. Бирок химиялык каражаттарга окшоп, чегирткени дароо өлтүрбөйт. Таасири он күндөн ашуун убакыт өткөндөн кийин байкалат. Чегиртке бул аралыкта кыймылдап жүрө берет, бирок эч нерсе жебейт, анткени табити тартпай калат.
- Италия чегирткеси менен марокко чегирткеси бирдей каптаганда ортодон башка гибриддик түр пайда болбойбу?
- Булар эми 18-кылымдан бери келе жаткан чегирткелер да. Эгер мутация болсо, ошондо эле башка түр жаралмак. Биз Илимдер академиясы менен иштешип турабыз. Андай учурлар болгонун уга элекпиз.
Чегирткеге каршы дарылоо иши. Чүй облусу.
- Кыргызстандык ишкер чегиртке фермасын ачып, андан азык даярдап жүрөт. Азыркы каптап жаткан чегирткелерди ошол өндүрүшкө пайдаланса болобу?
- Мен ал ишкер менен жакында эле сүйлөшкөм. Андан зыяндуу чегирткелерди жегенге болобу десем, “калориялуу болот, тапшырсаңар алам” деди. Кийинки жылга чегирткелерди кармоо жолдорун пландаштырып, ойлонуп жатабыз. Атайын комбайн сыяктуу техникалар бар экен. Биздин өлкө тоолуу аймак эмеспи. Техника жүрө алган жердеги чегирткелерди кармап, калган аянттарды дарыласакпы деген ниет бар. Күндүн ысышы зыянкечтерди көбөйтүп жатканын жогоруда айтпадыкпы. Мындай учурда биздин департаменттин негизги милдети – чет жактан келген өсүмдүктөрдү текшерүү, алар менен кошо зыянкечтердин киришине жол бербөө. Эгер зыяндуу организмдер табылса, артка кайтарабыз же дарылашыбыз керек.
- Күзүндө да жер айдалат го, чегирткеге каршы дарыны ошол маалда сепсе болобу?
- Болот. Бирок чегиртке жазында кай жерден чыгарын билбейбиз да. Быйыл чыккан жерден кийинки жылы чыкпай калышы мүмкүн. Анткени жер которуп учуп турат. Жазында атайын изилдөө иштерин жүргүзөбүз. Жерди казып, жумурткасын таштадыбы же жокпу билип алып, ошого жараша дары чачабыз. Биздин негизги максат – чегирткелерди айдоо аянттарына түшүрбөө.
Италия жана марокко чегирткеси
Италия чегирткеси.
Италия чегирткеси кургак талаа жана жарым чөлдөрдө бат көбөйөт. Көбүнчө коңулдарга, жол жээктерине, чөбү суйдаң жерлерге жумуртка таштайт. Адистер жайыттардын такырайышы, зыянкечтин көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешет. Марокко чегирткесинен айырмаланып, кеч жетилет. Личинкадан майдын аягында, июнь айында чыга баштайт. Июлдун экинчи жарымында, канат байлагандан 16-30 күндөн кийин сентябрдын аягына чейин жумуртка таштайт. Күн карама, буурчак, гречка, картошка, бакча өсүмдүктөрү, пахта, пияз, жашылча-жемиштер, буудай жана жүгөрү сыяктуу дан эгиндеринин ар кандай түрлөрү үчүн зыяндуу. Эгиндин данын жеп, сабагын кыркып жибергени менен кооптуу. Дары чөптөр, эрмен менен да азыктанат. Бул чегирткенин табигый душманы Meloidae коңузу, Bombyliidae чымыны. Tachinidae, Asilidae жана Sarcophagidae түркүмүндөгү чымындар бул чегирткенин личинкасы менен азыктанат. Айрым чымчыктар жана чар каргалар терип жейт. Жаанчыл аба ырайыда Entomophaga grylli грибогу чегиртке үчүн энтомофтороз эпизоотиясын пайда кылат. Чегирткенин вирустук оорулары дагы катталган. Beauveria менен Metarhizium түркүмүндөгү козу карындар чегирткени ууландыруучу табигый биологиялык дарыларга кирет.
Марокко чегирткеси.
Марокко чегирткеси кара тактары бар, бозомтук-саргыч түстө болот. Арткы балтырлары адатта кызыл, анча-мынча сары же агышыраак келет. Борбор Азияда Казакстандын түштүгүндө (Жамбыл жана Түркстан облустары), Кыргызстанда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары), Тажикстанда, Өзбекстанда байырлайт. Деңиз деңгээлинен 800 метрден 1200 метр бийиктикке чейинки аймакта болот, акыркы жылдары андан да жогору жактан табылууда. Жапайы беде баштаган отоо чөптөрдү жеп, канат байлаганда айдоо аянттарына түшөт. Дан эгиндеринен жана буурчак өсүмдүктөрүнөн баштап, жашылча, пахта, жүзүм жана ал тургай ийне жалбырактуу токойлорго чейин мойсойт. Ургаачысы жумурткасын айдалбаган, чопо топуракка гана таштаганы үчүн аны менен күрөшүү жеңилирээк. Табигый душмандары - Meloidae коңузу, Bombyliida, Tachinidae, Asilidae, Sarcophagidae чымындары. Ала чыйырчык (Sturnus roseus) марокко чегирткесин толугу менен жок кылып салышы мүмкүн. Майна (Ооган чымчыгы) дагы чегиртке менен азыктанат. Beauveria менен Metarhizium түркүмүнө кирген козу карындар чегирткеге каршы биологиялык каражат. Бирок марокко чегирткесинин көбөйүп же азайышы аба ырайыга көбүрөөк көз каранды. Кургакчыл, ысык кезде бат жетилет.
Чегиртке этти алмаштырабы?
Футурологдордун айтымында, келечекте адам баласы курт-кумурсканын айрым түрлөрү, айрыкча чегиртке менен азыктанышы мүмкүн экен. Батыш өлкөлөрүндө ушул күндө чегирткеден тамак-аш, кээде балык, канаттууларга тоют даярдашат.
Кыргызстандык ишкер Адыл Гапаров да үч-төрт жыл мурда атайын ферма ачып, чегиртке бага баштаган. Ал чегиртке кирешелүү бизнес экенин айтты.
Адыл Гапаров.
- Азыр чегирткелерди кууруп, чипсынын ордуна сата баштадык. Сыра ичкендер алып жатат. Чипсы же кириешкиден айырмаланып, табигый азык, таза белок. Бул Acheta domesticus деген чегиртке. Эки жыл мурда Европада аны жегенге уруксат берилген. Абдан назик болот, тышка чыгарып жиберсең жашай албайт. Колго гана багыш керек. Термо иштетүү деген бар да. 90 градустук ысыктан өткөндөн кийин атайын ун жасайбыз. Биз даярдаган унду азыр онкологиялык ооруга чалдыккандар, операция болгондор алып жатышат. Химия алгандан кийин организм белокко муктаж болот. Чегирткеде белок этке караганда 2,5 эсе көп, анан бат сиңет. Жарым килограмм эт жеген киши сиңире албай кыйналат. Чегиртке андай эмес. Белок аминокислотадан турат эмеспи. Ошонун баары чегирткеде бар.
- Азыр талааны чегиртке каптап жатпайбы. Ошол үйүрлүү чегирткени кармап алып барышса иштетет белеңиз?
- Иштетсе болот. Анда белок 75%, бул аябай көп деген сөз. Бирок бир килограммда үч миң чегиртке болушу керек да. Анча чегирткени кол менен кармаш оор да. Орусияда аны кармай турган комбайнга окшош жабдык көргөм. Бирок үйүрлүү чегирткени багуу опурталдуу. Орустар үйүрлүү чегирткени саранча дешет. Кыргыздар баарын жалпылап чегиртке деп коебуз да. Чет өлкөлөрдөн саранча баккан фермаларды көргөм. Андан көбүнчө канаттууларга жем даярдашат экен. Бирок аны жабык контейнерде, сыртка чыгарбай кармашат. Кокус чыгып кетсе өтө кооптуу, экологиялык каатчылыкка алып келиши мүмкүн.
- Окумуштуулар айтып жатпайбы, кайсы бир жылдары суу, тамак-аш тартыш болот деп. Келечекте кыргыздар чегиртке жеп калышы мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Илимпоздордун айтымында, 2050-жылдары Жер шарында элдин саны көбөйөт. Ошондо эттин баасы өтө кымбаттап, адам баласы курт-кумурска жей баштайт. Негизи чегиртке багуу мал кармоого караганда 5-10 эсе арзан түшөт. Сууну аз ичет, жемди да аз жейт. Жайытты ээлебейт. Чегирткени биоаккумулятор деп коет, жеген азыгын өзүнө топтой берет. Анан калса чегиртке исламда мууздалбай эле жей турган адал тамактардын катарына кирет. Эмнеге мындай деп изилдеп көрсөм, чегиртке экологиялык жактан таза өсүмдүктөрдү гана жейт экен. Пестицид себилген сабизди жебейт, жесе өлүп калат. Оорулары адамга жукпайт, адамдыкы ага жукпайт. Бул жагынан аарыларга окшошуп кетет.
Подкасттын аудиосун ылдыйдан уксаңыз болот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"