"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
22-мартта өлкө тарыхында биринчи ирет бильярддан дүйнө чемпионаты Бишкекте башталды. Ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.
19-мартта Францияда, Казакстанда эл аралык теннис мелдеши башталды. Кант шаарында футболдон “Ала-Тоо кубогу” эл аралык турнири уланды.
Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп программасына шахматты киргизүүнү сунуштады. Бул демилге ишке ашабы же ара жолдо калабы?
12-мартта Бишкекте жаштардын грек-рим күрөшүнөн өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Футзалдан Азия чемпионатынын атаандаштары аныкталды.
1-мартта массалык маалымат каражаттары арасында ок атуу боюнча мелдеш өттү. Кол күрөш боюнча мелдеш да аяктады.
Спорт жаңылыктары: Хоккейден өлкө чемпиону аныкталды. Волейболдон Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Улуттук спорт мектеби ачылды.
23-февралда Мекен сакчылардын күнүнө карата Бишкекте спорттун бир катар түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
17-февралда жарык көргөн "Алиби”, “Жаңы агым", “Жаңы ордо”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Фабула” жана башка гезиттер жарык көрдү.
16-февралда “Де-факто”, “Учур”, “Айат”, “Айгай-пресс”, “Асман-пресс”, “Параграф” жана башка гезиттер жарык көрдү.
"Кереге" гезити бүгүнкү санында Өмүрбек Бабанов "Манас" аба майданына келип конгон белгисиз учакка жашыруун жолугушууга барганы тууралуу сөз чыкканын жазып, өкмөт башчыга бир канча суроо узатты.
14-февралдагы гезиттердин баш темасы коррупцияга каршы күрөш, "көмүскө премьер" аталган казак жараны Кайсар Абылкасымов тууралуу болду.
12-февралда Бишкекте бир катар эл аралык мелдештер болду. Учурда Малайзияда велоспорттон Азия чемпионаты өтүүдө.
10-февралда былтыркы футбол сезонунун жыйынтыгы чыкты. Бирок Кыргызстандын футболу аренага чыга албай жатат. Эмне үчүн?
4-ноябрда Түштүк Африкада дзю-до күрөшүнөн жаштардын дүйнө чемпионаты уланды. Учурда Киевде бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө.
Европада белгилүү хорсбол оюну боюнча Кыргызстан менен Франциянын курама командалары ортосунда жолдоштук беттешүүлөр болот.
20-октябрда эл аралык Хоккей федерациясынын (IIHF) мүчөлөрү Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
18-октябрда Латвияда өткөн самбо боюнча чемпионатта Артур Тө дүйнө чемпиону болду. Тегеранда Азия чемпионатындагы кайык жарыштарында кыргызстандыктар 4 медал утту.
14-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул дүйнөлүк таймашка 19 өлкөнүн эки жүздөй балбаны катышууда.
24-сентябрь - Кыргызстанда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бишкекте Эл аралык футбол федерациясы калыстар үчүн “Футуро” окуусун өткөрүүдө.
Дагы жүктөңүз