"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Президенттик үчүн күрөшкө чыгып, саясий айдыңда күч сынашып жаткан 6 талапкердин спортко болгон мамилесин кеп кылууну эп көрдүк. Азыр алардын баары спортко көңүл бураарын айтууда.
Филиппиндер өлкөсүнүн Манила шаарында грек-рим күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионтында кыргызстандык төрт балбан Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгесин утуп, өлкөнү таанытты.
Сингапурда өтүп жаткан жаштар арасында биринчи Азия оюндарында кыргызстандыктар ийгилик жарата алышпады. .
Эки жума ичинде Кыргызстандагы күйүүчү май 1,5-3 сомго кымбаттады. Адистер дүйнөлүк базардагы мунайдын баасы кымбаттаганына байланыштырып жатышат. Өлкө жарандары күйүүчү май эми дагы жогорулайт деп чочулап турушат.
2-июль - Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924- жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү маалымат булактарына жарыялап келет. Бул эл аралык уюмга Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы 1995-жылы мүчө болгон.
Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да айлана-чөйрөнү коргоо маселеси реалдуу көйгөйгө айланып баратат. Климаттын глобалдык жылышына карата өлкөдө тузсуз суунун запастары азайып, мөңгүлөр эрип кетүүдө.
1-июлда Белградда бүткүл дүйнөлүк студенттердин жайкы 25-Универсиада оюндары башталды.Кендирди кескен каражаттын айынан кыргызстандык эки спортчу гана Белградга аттанып жатышат.
29-июнда кечинде Сингапурда жаштар арасында биринчи Азия оюндарынын ачылыш аземи болот. 45 өлкөнүн катарында Азия оюндарында мөрөй талашуу үчүн Кыргызстандын чакан делегациясы да Сингапурга барды.
Ала-Тоо аянтындагы фонтандарды курууга жана шаардагы 13 фонтанды оңдоого канча каражат жумшалды? Фонтандар конкурсттук негизде тандалып, улуттук өзгөчөлүктөр менен курулса деген пикирлер да арбын.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму былтыр дүйнөдө 1 млн. 270 миң адам жол кырсыктарынан каза болгонун маалымдады. Жол кырсыктарынан ажал тапкандардын саны боюнча Кыргызстан да дүйнөдө алдыңкы орундардын биринде.
Шайлоо алдында тартип көзөмөлү күчөтүлөт.Талапкерлердин үгүт иштерине тоскоол болуп, СДП штабдарына коркутуу, кысымга алуу фактылары боюнча арыздануулар болбогонун ИИМдин маалымат жыйында айтылды.
1894-жылы 23-июнда Пьер де Кубертендин демилгеси менен Парижде Конгресс болуп, Эл аралык олимпиада комитети түзүлгөн. Aр жыл сайын эл аралык олимпиада күнү дүйнө жүзү боюнча белгиленип келүүдө.
БШК шайлоонун ачык жана калыс өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Ошол эле учурда айрым талапкерлердин өкүлдөрү бийлик кысып, куугунтуктап жатканын айта башташты.
Президенттик шайлоодо жарандардын добуш берүү жана даттануу укуктары тууралуу “Азаттыктын” угармандарынан келип түшкөн суроолорго Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары бөлүмүнүн башчысы Аманкул Молдалиев жооп берет.
Эгемендиктен бери 23-июлда президенттик шайлоого калк төртүнчү жолу катышкан турат.“Сен укугуңду билесиңби?” түрмөгүбүз бул жолу президенттик шайлоодо кыргызстандыктардын добуш берүү укуктары тууралуу болду.
Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Мьянма өлкөсүнүн чемпиону “Канбавза” командасы менен чечүүчү таймашта күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңип, АФК президентинин кубогунун жарым финалына чыкты.
12-июнда Бишкекте Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Пномпень Краун” командасы менен күч сынашып, 3:1 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жетишти.
12- июнда Иранда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Иранда буга чейин тогуз жолу президенттик шайлоо болгон. Президенттикке төт талапкер ат салышууда. Талапкерлерге добуш берүүгө Бишкектеги Иран элчилигинин кызматкерлери да катышат.
10-июнда Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет уткан Нарындын “Дордой-Динамо” командасы Бутан өлкөсүнүн чемпиону - “Йездин” командасын 7:0 эсебинде утуп алды.
Ташкентте өткөн кол күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык чоюн билек балбандар 5 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль утуп, олжолуу жеңиш менен кайтып келишти.
Дагы жүктөңүз