Президент Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик сапар менен барды. АКШ Украинага курал-жарак берүүнү жандандырды. Бишкектеги Батыш автобекетинин жери кирген 34 гектар тилке “Инвест Кей Жи Холдинг” компаниясына 49 жылга ижарага берилди.
Мындан беш жыл мурда, 2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Катарда Газадагы согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча алгачкы жолугушуудан жыйынтык чыккан жок. АКШнын Техас штатында катуу суу ташкынынан кеминде 81 адам каза болду. Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталганын билдирди.
Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Апрель" телеканалынын ишмердигине байланыштуу жараян аяктап калды. 7-июлда тараптар жарыш сөз башталмак, бирок сот 9-июлга жылды. Прокуратура телеканалды юридикалык жак катары толук жоюп, социалдык тармактардагы баракчаларын жабууну максат кылууда.
Шпионское программное обеспечение Pegasus израильской компании NSO Group применяли правительства 45 стран по всему миру. Недавно в американском суде компания назвала три государства, которые приобрели этот продукт. Используется ли инструмент сегодня? Как от него защититься?
Кыргызстанда 1-июлдан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси кирди. Башында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, бирок Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.
Бишкектеги "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма коомдо кызуу талкуу жаратты. Коомдогу зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.
4-июлга оогон түнү орус аскерлери Украинанын шаар-кыштактарына жапырт сокку уруп, жалпысынан 550дөй пилотсуз учак жана ракета атты. Анын алдында АКШнын лидери Трамп орус президент Путин менен телефондон сүйлөшкөнү маалымдалган. Трамп бул сүйлөшүүдө "эч кандай жылыш болбогонун" билдирди.
Трамп Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди. Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу боюнча сот жараяны уланууда. Бишкектеги "Шератон" мейманкасындагы мушташтан улам бийчи Жан Воинов жана анын кайниси кармалды.
Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү. Бакуда орусиялык 8 киши баңги зат аткезчилигине жана киберчабуулдарга айыпталып камакка алынды. Соттон тартылган видеодо алардын уруп-сабалганын көрүүгө болот. Ага чейин "Спутник-Азербайжан" агенттигинини эки кызматкери кармалган эле.
Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапарынан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барды.
Дагы жүктөңүз