Бишкекте дарыгерлер жарышка чыкты
4-июлда Бишкектеги чоң стадиондо медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 400 метр жарышып чуркоо, кол күрөш жана аркан тартмай мелдештери өтүүдө. Жарыш башталарда иш-чаранын катышуучулары менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жолугуп, саламаттыкты сактоо тармагынын ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу учкай сөз айтты. Дени сак жашоонун башаты дене тарбия экенин эскертип, бул багыт мамлекеттик саясаттын негизги векторлорунун бири экенин кошумчалады. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Бишкектеги иш-чарага 250, ал эми республиканын аймактарындагы шаар, райондордо 5 миңге жакын медицина кызматкери катышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”