Пахтачы келиндердин түйшүгү түмөн
Учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында пахта терими кызыган мезгил. Ак буланы негизинен кыз-келиндер теришет. Ага жараша аларды күндүз үйдөн табуу кыйын. Анткени аялдар жыл бою тиричиликке тыгынчык боло турган кирешени таап алуу үчүн талаада жан үрөп иштеп жүргөнүн көрөсүң. "Азаттыктын" кабарчылары Ноокендеги пахта талаасына барып "ак алтын" терген кыз-келиндерди кепке тартып келди.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”