Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде өзгөрүү жок
Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык, “Ак жол” чек ара бекетинде 200дөн ашык автоунаа казак тарапка өтө албай турат. Түшкү саат экиге карата тараткан маалыматта, “Ак тилек” өткөрүү пунктунда 150 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Бул пунктта казак тарап жарым саатта бирден машинаны өткөрүп жатат. Казакстан менен чектешкен “Ак жол” жана башка өткөрмө бекеттерде 10-октябрда миңдеген эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай, узун кезектер пайда болгон.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”