Абактагы аялдардын арманы
Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйүүдө. Учурда аялдар абагында 350дөй аял отурса, алардын басымдуу бөлүгү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Ушул тапта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар арасында балалуу тогуз эне бар. Балдардын улуусу 3 жашка чукулдаса, кенжеси 3 айлык. Аялдардын көбү мунапыска илинебиз деп үмүт артууда.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”