Абактагы Дүйшөбаевдин абалы начарлады, Аскат Жетигендин иши сотко өттү
Аламүдүн райондук соту “массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталган жазуучу Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыратты. Калемгерлер жазуучунун түрмөгө кесилгенин айыптап жатышат. "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып жаткан саясатчы Кеңешбек Дүйшөбаевди сотко көтөрүп алып келишти. Укук коргоочулар анын кан басымы жана канты көтөрүлүп кеткенин, ооруканага жатууга уруксат берилбей жатканын айтышты. Грузин парламенти ири митингдерге карабай Орусиядан көчүрүлгөнү айтылган "чет элдик агенттер" тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Добуш берүү алдында депутаттар жакалаша кетти.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
"Үмүт үзүлбөйбү?" Сребреницадагы кыргынга 30 жыл
-
Июль 10, 2025
Абу-Дабиде президент Алиев менен премьер Пашинян жолукту
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент айдалды
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"