Москва "Талибанды" кара тизмеден чыгарабы?
OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмалары Кыргызстандагы мамлекеттик 11 ири долбоордун алтооно 137 млн доллар сарпталып жатканын жана ага жогорку жетекчилердин жакындарынын байланышын иликтеди. Президенттин администрациясы маалыматты четке кагууда. “Франс пресс” агенттиги Израил Газанын Рафах шаарына чабуулдарын улантканын жазды. 27-майда Рафахтагы качкындар лагерине урулган соккудан бери дегенде 45 адам мерт болуп, жүздөгөн киши жараат алган. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ коомчулукта кайчы пикирди жаратып келет. Орусия “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн.
Чыгарылыштар
-
Июль 11, 2025
Медиа эркиндиги: Талаштуу мыйзамга кол коюлду
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү