Улуттар Уюму: Зеленский «согуш аяктарына аз калганын» айтты
Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Израил армиясы “Хезболла” террордук тобунун курал-жабдык жашырган жайларын бутага алганын белгиледи. Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын баскынчылык согушун токтотуу үчүн АКШны чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды. Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн украин лидери «согуш аяктарына жакын калганын» айтты. Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчүн жалпы парламент карай турган болду. Тармактык комитет бул боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу анын арызын четке какты.
Чыгарылыштар
-
Июль 10, 2025
Сотто ишкер Ташов айыпты мойнуна албай турганын айтты
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү