Айзиректин өлүмү: Кыз-келинди ким коргойт?
26-майда Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү кыргыз коомундагы аялдарга карата зомбулук темасын кайра козгоду. Күйөөсү жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү таратып, "аялзатын кордоо жаратылыш мыйзамына, шариятка каршы келген чоң адилетсиздик" деп атады. Муфтий эркектерге кайрылып, кыз-келиндерди коргоп, колдоого үндөдү. Мыйзамдар катаалдашып, коомчулуктун кескин реакциясына карабай мындай үрөй учурган көрүнүштөр эмнеге тыйылбай жатат?
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Улуттук университеттен 3000 студент окуудан айдалды
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү
-
Июль 02, 2025
Садыр Жапаров Москвага эмнеге барды?
Шерине