Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Алмаз Байгазиев изилдөөчү Петр Семенов-Тян-Шанскийдин эстелигинин алынганы боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Анын айтымында, эстелик турган жер оңдолгондон кийин кайра коюлат.
“Эстеликти убактылуу алганбыз. Азыр муниципалдык ишканада сакталып турат. Маданият министрлиги менен макулдашылган. Аны жакын жерге которууга уруксат берилген. Азыр ал эстелик турган жерде этно-комплекс салынып жатат. Толук бүткөндөн кийин ыңгайына жараша кайра коюлат”, - деди аппарат жетекчиси.
8-июлда бир катар массалык маалымат каражаттары шаардын чыга беришиндеги изилдөөчү Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелиги алынганын жазып чыгышкан.
Интернеттеги маалыматтар боюнча изилдөөчү Семенов-Тян-Шанскийдин эстелиги 1982-жылдары орнотулган. Тян-Шань чөлкөмүн изилдегени менен белгилүү болгон.
Орус географы Петр Семенов-Тян-Шанский 1856–1857-жылдары Теңир-Тоого саякат жасап, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына "Тян-Шанский" деген кошумча ат берилген.(TSh)
Шерине