Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Казакстандын ТИМин сотко берди


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Прагадагы баш кеңсеси

2025-жылдын 11-июлунда "Эркин Европа/Азаттык" радиосу казак кызматынын жети журналистине аккредитация берүүдөн баш тартканы үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) Астанадагы административдик сотко берди.

Коңшу өлкөнүн тышкы иштер мекемеси 14-июнда «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 30-беренесинин 4-бөлүгүн бузган деген жүйө менен алты журналистке жана Астанадагы бюро башчысына аккредитация берүүдөн баш тарткан. Бирок «Азаттык» бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, эл аралык укук менен Башмыйзам бузулганын белгилейт.

Журналисттер аккредитация мөөнөтү бүтөрдөн эки ай мурун документтерин тапшырган. Бирок министрлик эки ай ичинде жооп бербей, төрт айдан кийин гана билдирүү жөнөткөн.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Казакстандын ТИМи убакытты негизсиз создуктуруп, журналисттердин укуктарын жана эркин медианын ишин чектеген деп санайт. Мындан тышкары, бул акыркы эки жылдагы министрликке каршы экинчи соттук иш. 2024-жылы да 36 журналистке аккредитация берилбей калганда редакция сотко кайрылган.

Казакстанда 2024-жылдын декабрында аккредитациялоо эрежелери өзгөртүлүп, туруктуу аккредитация мөөнөтү эки жылдан бир жылга чейин кыскартылган. Убактылуу аккредитация үч айга гана берилет.

Эл аралык уюмдар, анын ичинде «Журналисттерди коргоо комитети» жана «Чек арасыз кабарчылар» бул өзгөрүүлөргө тынчсыздануусун билдирген. Казакстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 141-орунда турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG