Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Садыр Жапаров Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотту


Султан Кермалиев мэр кызматына мындан 12 күн мурда эле дайындалган.
Султан Кермалиев мэр кызматына мындан 12 күн мурда эле дайындалган.

Президент Садыр Жапаров мындан 12 күн мурда эле дайындалган Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынын бошотту. Ал мындай тескемеге 14-июлда кол койду.

Президенттин администрациясы ал "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 3-бөлүгүнө ылайык иштен алынганын билдирди, бирок чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Мунун алдында Султан Кермалиев 14-июлда иштен алынышы мүмкүн экени тууралуу социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирген жана Вотсаптагы сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөсүн жарыялаган.

Ушул айдын башында Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде жүрүм-туруму талаш-талкуу жаратып жаткан Султан Кермалиев тууралуу пикирин билдирген. Анда мэр кызматтык этиканы сактабаганын айтканы менен Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жакшы иштерди жасаганын белгилеген.

36 жаштагы Султан Кермалиев Балыкчынын мэри болуп 2-июлда дайындалган. Ал буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасында пирсти, грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун скульптурасын тургузган.

Керималиевдин мэр болуп дайындалгандан кийинки "СерепТВ" телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулары анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындашкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG