Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Украинанын чабуулунан Воронежде кеминде 16 адам жараат алганы кабарланды


Орусиянын Коргоо министрлиги 15-июлга караган түнү өздөрүнүн беш аймагынын жана Кара деңиздин үстүнөн Украинанын кеминде 55 дрону атып түшүрүлгөнүн, бир канча адам жараат алганын билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев соңку соккуда бери дегенде 16 киши, анын ичинде бир өспүрүм жараат алганын, бир аял ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Анын сөзүнө караганда, көп кабаттуу үйдөгү бир нече батир, шаардын четиндеги жер тамдар дагы жабыркады.

Украина шейшембиге караган түнү орус армиясы бир канча аймагын дагы аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Сумы облусунда психдиспансердин корпусу жана 10дон ашык көп кабаттуу үй жабыркады, бир адам жараат алды. Донецк облусундагы чабуулда төрт тургун жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG