Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кремл Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин маалымдады


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди. "Интерфакс" маалымат агенттиги ага шилтеме кылып, Путин Трамптын айткандарына кийинчерээк комментарий бере аларын жазды.

"АКШнын президентинин билдирүүсү өтө олуттуу. Андагы айрым жагдайлар президент Путиндин өзүнө жолдонгон. Вашингтондо айтылгандарды талдоо үчүн сөзсүз убакыт керек. Путин эгер керек деп тапса, сөзсүз комментарий берет", - деген Песков.

Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы Трамптын билдирүүлөрүнө үн каткан. Анда Москва үчүн "кандайдыр бир талап, болгондо дагы ультиматум коюу мүмкүн эмес экенин" билдирген.

Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.

Трамп Би-би-синин Түндүк Америкадагы кабарчысына курган маегинде Путинден "көңүлү калганын" айтканы менен ага биротоло чекит кое электигин, орус президенти менен мамилени биротоло үзүп коюуга даяр эместигин" белгилеген.

АКШ Сенатында ушул тапта Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган соода өнөктөштөрүнө төлөмдөрдү 500% чейин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

АКШнын президенти соңку билдирүүлөрүндө Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сындап келет.

Москва ок атышууну токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн өз шарттарын коюп, анын ичинде Украинанын төрт облусунан украин армиясынын чыгып кетишин талап кылган. Киев Кремлдин шарттарын кескин четке каккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG