Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалды


Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 16-июлда Бишкектеги Тунгуч кичи районуна барган маалда шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалды. Анда Ташиев тургундар менен жолугуп, райондун айрым көйгөйлөрүн укту.

Атайын кызматтын төрагасы Ырсалиев Тунгучтагы муниципалдык жердеги объектилери бар экенин айтып, алты жылдан бери алардын ижара акысын төлөбөй келе жатканын билдирип, ошол жерден суракка алууга буйрук берди. Вице-мэрге байланыштуу дагы башка фактылар териштирилип жатканын, укуктук баа берилерин айтты.

Жамалбек Ырсалиев бул кызматка 2024-жылы май айында дайындалган. Ага чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп турган.

Ырсалиев 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп кызматка келип, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган. Кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеп, 2022-жылы март айында кайра вице-мэр болгон.

Ал 2023-жылы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG