Украин Аба күчтөрү согуш башталгандан берки эң жапырт соккуга кабылганын билдирди

Архив сүрөт.

Украинанын Аба күчтөрү Орусия өткөн түнү бир катар шаарларга 728 дрон менен сокку урганын жана бул согуш башталгандан берки рекорддук сан экенин билдирди.

Маалыматта 728 дрондон тышкары 13 “Искандер” жана “Кинжал” ракеталары менен сокку урулганы айтылат. Анын ичинен 718 дрон жана “Искандер” канаттуу ракеталары уруп жок кылынган же радио электрондук ыкма менен зыянсыздандырылган.

Соккулардын негизги бутасы Волынск облусу менен Луцк шаары. Бул аймактарга 50 дрон жана беш ракета атылган. Жергиликтүү бийлик жараат алгандар боюнча маалымат бере элек.

Украин Аба күчтөрү кабарлагандай, төрт сокку бутага тийген, урулган ракеталардын жана дрондордун сыныктары 14 жайга түшкөн.

Орусиянын Украинанын аймагына урулган соккулардын саны боюнча буга чейинки рекорд 4-июлда катталып, анда 550 дрон жана ракета учурулган.

Дагы караңыз

Москва: Мечиттерде, хостелдерде "мыйзамсыз миграцияга" каршы рейддер жүргүзүлдү Трамп Путин "болбогон кептерди көп айтканын" белгилеп, Москвага санкция салынышы мүмкүн экенин айттыКыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" жана "Бор-Дөбө" өткөрмө бекети ачылдыУКМК Улуттук университеттен үч миңдей студент окуудан чыгарылганын билдирди