Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге дагы сөгүш жарыялады

Мелис Тургунбаев ушуну менен үчүнчү жолу сөгүш алды.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге дагы сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда Тургунбаев мындай жазаны "ишиндеги кемчиликтер" үчүн алганы белгиленген, бирок чоо-жайын кабарланган эмес..

Садыр Жапаров Тургунбаевге былтыр августта, ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалганына эки айдай болгондо да сөгүш жарыялаган. Анын ошол маалдагы орун басарлары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков кызматтан алынган.

Президенттин аппараты анда "акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келгенин, бул экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатканын" билдирген. Тургунбаевге сөгүш "жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн" берилгени көрсөтүлгөн.

43 жаштагы Тургунбаев былтыр апрелде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп турган кезинде да "өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн" сөгүш алган.

Тургунбаев экономика илимдеринин доктору. Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис.

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында иштеген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB Банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

Дагы караңыз

Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады Элчилик Орусияда "кирди-чыкты" жолу менен реестрден чыгуу мүмкүн эместигин эскерттиУлуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктары жоюлат Орусиянын Киевге соккусунан киши өмүрү кыйылып, бир нечеси жабыркадыМукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте өрт чыкты Европарламент Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштарын айыптадыТашиев кадр саясатына кийлигишет деген ЖК депутаттарынын атын атады Ташиев Салык кызматынын экс-төрагасынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганын айтты ТИМ АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн эскертүүсүз кыскартканын билдирди