Соңку бир сутка ичинде Украинадагы согуш тилкесинде орус-украин күчтөрүнүн ортосунда жалпы 214 кармаш катталды. Украин куралдуу күчтөрү жума күнү билдиргендей, салгылашуулардын жарымы Донецк облусундагы Покровск жана Новопавловка аймактарында болду. Украин армиясы Покровск багытында алтымышка чукул чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады.
Жалпысынан согуш тилкелеринде 5500дөн ашык аткылоолор болду. Алардын үчтөн экисинен көбүндө камикадзе-дрондор колдонулган.
Акыркы бир күн ичинде Орусиянын күчтөрү Украинаны Харьков облусундагы ондон ашык аймакты бутага алды. Андан кеминде бир кишинин өмүрү кыйылып, 14 жаракат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырасташты.
Орусиянын Коргоо министрлиги 11-июлга караган түнү украин тараптын 155 дрону атып түшүрүлгөнүн, алардын ондон ашыгы Москваны бутага алганын билдирди.
Орусиянын Украинадагы кеңири масштабдагы согушу башталганына 3,5 жылга чукулдады. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.