Чукул кабар: Ысык-Көл менен Нарындын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Соңку 12 жылдын ичинде Кыршызстанда 900дөн ашык сел кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 15-16-июль күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл менен Нарын облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

"Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. ӨКМ арыктарды, сел каналдарын тазалап, кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын эскертет. Тоолуу аймактарга эс алууга барбай турууну, коопсуз жайларда болууну сунуштайт. Кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз токтоосуз “112” кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада, 10-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош шаарында сел жүргөн. Жаңы базардын чатырынан куюлган суу соода жайын каптаганы тууралуу видеолор тараган.

Кыргызстанда соңку жылдары жаз-жай айларында сел кырсыгы көбөйдү.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, соңку 12 жылдын ичинде жалпы өлкө аймагында 900дөн ашык сел кырсыгы катталган.

Акыркы беш жылда суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Дагы караңыз

Орунбеков Балыкчынын жаңы мэри Жантаев Туманбаевдин "шакирти" экенин айттыСадыр Жапаров Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотту Техастагы суу ташкында жоголгон 166 киши табыла элек ӨКМ Көл-Төрдүн суусунун көлөмү азайтылганын билдирди Трамп Украинага Patriot комплекстерин жөнөтүүнү дагы убада кылды Газа: Израилдин соккусунан сууга кезекке турган 10 адам, анын ичинде алты бала набыт болду