Кордай: күйгөн билет, чириген жемиш
Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу адамдардын жана автоунаанын казак тарапка өтүшү өзгөргөн жок. Учурда 300дүн тегерегинде адам Кыргызстан тараптан Казакстанга өтө албай турат. Айдоочулар ар бир 2-2,5 саатта бирден-экиден машина өтүп жатканын айтууда. Мындай абал 10-октябрдан бери уланууда. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган. Түштөн кийин Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетине барып, соңку кырдаал менен таанышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2025
Каргашалуу июль: "Өмүрүмдө мынчалык көп өлүм көрбөдүм"
-
Июнь 10, 2025
“Армияга соо кеткен балам оорукчан болуп калды”