Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова иш сапар менен Бишкекте жүрөт. Ал 9-июлда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Омбудсмен аппаратынан кабарлашты.
Жолугушууда мигранттардын укуктары жана башка маселелер боюнча пикир алмашып, 2025–2026-жылдарга кызматташуну талкуулашты.
Москалькова иш сапар алкагында Кыргызстандын мамлекеттик органдын жетекчилерине жолугуп, Бишкектин Тергөө абагындагы орус жарандарынан кабар алат.
Соңку учурда Орусияда мигранттарды жапырт текшерген рейддер күч алды. Айрым учурда алардын арасында кыргыз мигранттарына күч органдарынын кызматкерлери орой мамиле кылган учурлар бар.
Май айында Орусияда мигранттарга талаптарды күчөткөн дагы бир катар документтер кабыл алынган. Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырган.
Мындан сырткары 30-июндан баштап Орусияга барчу чет элдиктер 72 сааттан кечиктирбестен ал өлкөгө баруу максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (TSh)
Шерине