Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Чуулгандуу олигарх Илан Шор Кыргызстандын билим берүүсүнө кантип аралашты?


Илан Шор.
Илан Шор.

Кыргызстанда соңку бир-эки жылда “Евразия” деп аталган коммерциялык эмес уюм аябай активдешип, билим берүү тармагына толук аралаша баштады. Алар өз ишин мектептердин курулушуна каражат бөлүп, балдар үчүн автобус сатып берүүдөн баштаса, эми кыргыз-орус бирдиктүү билим берүү мейкиндигин ишке ашырууга белсенип турат. Бишкектин жогору жагында курулуп жаткан “Евразия” паркы да ушул уюмга таандык.

Эмнеге Орусия каржылаган коммерциялык эмес уюм Кыргызстандын билим берүү тармагына кызыга баштады? Бул ишке Молдовада соттолгон орусиялык олигарх Илан Шордун кандай тиешеси бар?

Кыргыз-орус бирдиктүү билим берүү системасына Илан Шордун кандай тиешеси бар?

3-июлда “Евразия” уюму маалыматта Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамын аныктаганын, ага кимдер мүчө болгонун расмий жарыялады.

Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жолугушуу.
Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жолугушуу.

Жумушчу топтун жыйынында мектепке чейин орус тилин окутуу, мугалимдерди колдоо жана педагогдорду даярдоо багытында программа иштеп чыгууну талкуулашкан. Мындан тышкары тарыхты окутууда “кыргызстандык жана орусиялык окуу куралдарындагы карама-каршылыктарды жоюп, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий орток багытын сактап калуу боюнча” да жумуштар жасалары жазылган.

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты, “Евразия” уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршина мындай деген:

Ален Аршинова
Ален Аршинова

“Ушул жумушчу топтун алкагында билим берүү системаларыбызды синхрондоштурууну макулдаштык. Биз бардык билим берүү документтерин: стандарттарды, программаларды, класстык сааттарга чейин алмашууну макулдаштык. Билим берүү программасына тарых, орус адабияты боюнча китептерди кошууну макулдаштык. Андыктан жакынкы күндөрү кандайдыр бир иштер башталат. Ал эми эки аптанын ичинде Бишкекте биздин эксперттер бирдиктүү билим берүү мейкиндиги боюнча стратегиялык сессия өткөрөт. Июль жана август айында маданий-билим берүү туризми боюнча Кыргызстандын 100 мугалими Орусияга, ал эми биздин 100 мугалим Ысык-Көлгө барышат”.

Жумушчу топтун курамына 12 киши кирген. Орусия өкмөтү тараптан агартуу министри Сергей Кварцов, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский, кыргыз өкмөтүнөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Нурсултан Кубанов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев кирген.

Мындан тышкары “Евразиянын” жетекчиси, Мамлекеттик думанын депутаты Алена Аршинова, Russia Today басылмасынын жана “Россия сегодня” медиагруппасынын редактору жана “Евразия” уюмунун камкордук кеңешинин мүчөсү Маргарита Симоньян бар.

Бирок көпчүлүктү бул жумушчу топко соңку учурда Орусияда жашап келген, артынан көп сөз ээрчиген молдовалык ишкер Илан Шордун кошулуп алганына таң калтырууда.


38 жаштагы Илан Шор орус-молдован олигархы катары белгилүү. Анын ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт. 2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 миллиард долларды уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү. Бул иш боюнча Илан Шор Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин орус жарандыгын алган. 2025-жылы апрель айында Молдованын IPN маалымат агенттиги Интерпол аркылуу издөөгө алынып, АКШнын санкциясына кабылган Илан Шор жана A7 фирмасы, “Борбор Азиянын Капитал банкы” Орусиянын армиясын курал-жарак менен камсыз кылган кытайлык компаниялардын ортосунда финансылык операцияларды уюштуруп жатканын билдирген. Бул маалыматты кыргыз бийлиги четке каккан эле.

Симоньян июндагы “Петербург эл аралык экономикалык форумунда" Илан Шорду “Евразиянын” негиздөөчүсү жана долбоорлорду ишке ашырып жаткан адам катары тааныштырган.

“Петербург эл аралык экономикалык форумунда" Илан Шор менен Маргарита Симоньян жанаша отурат.
“Петербург эл аралык экономикалык форумунда" Илан Шор менен Маргарита Симоньян жанаша отурат.

Симоньян “Бул долбоорду ойлоп чыгып жана ишке ашырууга шарт түзгөн Илан Шор мени аябай таң калтырат" деп суктанган. Илан Шор узак сүйлөп, Советтер Союзунун ыдырап кеткенине өкүнүчүн билдирген. Ошондон берки 30 жылдын ичинде эки муун алмашып, азыркы жаштар көп нерсени унутуп калганына басым жасаган.

“Албетте, Евразия экономикалык союзу сыяктуу аянтчаларды өнүктүрүү керек. Бирок жаңы аянтчаларды да түзүү жана ЕАЭБдин өзүн күчтөш керек. Анткени бизге бир гана бирдиктүү экономика эмес, бизге бирдиктүү тышкы саясат, бир валюта, бир парламент жана бир коопсуздук системасы керек. Биз муну түзмөйүнчө бир учурда чачырап кеткен нерсени кайра жарата албайбыз. Биз муну ишке ашыралы десек, анда чындыкты бетке айтышыбыз керек. Буга кызыгууну арттырып, каалаган жыйынтыкка келишибиз керек. Бүгүн бир гана Молдова эмес, анча чоң эмес башка постсоветтик мамлекеттер ушуну каалап турушат. Мен муну билем жана угуп эле жүрөм. Ар кандай мамлекеттин башчылары менен сүйлөшүп, азыр сүйлөшүп жаткан нерселерди ишке ашырууга убакыт келгенин так түшүнүп турам”.

Ошол СССРди настольгия кылып, аны азыркы жаштардын эсине салгысы келген Илан Шордун тиешеси бар “Евразия” уюму Кыргызстанга 2024-2026-жылдары 1 млрд. рубл инвестиция салуу планын жарыялап, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө жооптуу болуп турат.

"Илан Шорду билбейм, тааныбайм"

Кыргызстандын биринчи вице-прьемери Данияр Амангелдиев буга чейин президент Садыр Жапаров Владимир Путинге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча жумушчу тобун жана биргелешкен иш үчүн тиешелүү аянтчаны түзүүнү сунуштаганын билдирген эле.

Ал эми Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев бирдиктүү билим берүү системасынын жумушчу тобунун жыйынында эмне жөнүндө сөз болгонун айтып берди.

Догдуркүл Кендирбаева
Догдуркүл Кендирбаева

"Ал жерде орус тилин кайсыл китептер менен окутуу боюнча сүйлөштүк. Орус тилин улуттук стандартка ылайыктап эки тараптык авторлор жазып чыгышты. Мындан тышкары ошол жактагы кыргыз балдарына тилдик чектөө болуп жатпайбы. Ушуну да козгодук. Биз орус тилин четке кага албайбыз. Конституцияда толук эркиндик бар. Ал эми биргелешип тарыхты окутуу боюнча эч кандай чечим жок. Бизде стандарттардын бары илинип турат. Улуттук жазуучулар жазып чыгат. Илан Шорду билбейм, тааныбайм. Көргөн да жокмун. Ал өзүлөрүнүн иши да".

Айтмакчы, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү демилгеси алгач көтөрүлүп, ага Илан Шордун катышы көрүнгөн маалда бийликке жакын айрым адамдар аны четке каккан эле.Тагыраагы, мамлекеттик “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Медер Шерметалиев
Медер Шерметалиев

“Илан Шор - Молдова Республикасынын жараны, ал жакта ири коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыпталып, сот тарабынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал эл аралык издөөдө, учурда Молдова менен башка өлкөлөрдүн ортосунда бул маселеге байланыштуу укуктук процесс жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдары — Билим берүү жана илим министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, же башка тиешелүү мекемелер — Илан Шор менен эч кандай расмий кызматташтыкты жүргүзбөгөнүн айтсак болот. Анын атын пайдалануу менен жасалган ар кандай жарыялар — маалыматтык манипуляция болуп эсептелет”, - деген Шерметалиев.

Бирок окуянын өнүгүшү Илан Шордун бул жараянга тиешеси бар экенин көрсөттү.

"Евразия" уюмунун максаты эмне?

Кыргыз бийлиги билим берүү жаатында реформа жүргүзүп, мектеп программасында өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонорун айтып, 12 жылдык окуу системасына өтүп жаткан маалдагы Орусия менен бирдиктүү бир мейкиндик түзүү аракети сынга кабылып турат. Эксперттер бул демилгелердин артында Орусиянын таасирин арттыруу, өзгөчө Кыргызстандын жаштарына жакындоо аракетин көрүп жатышат.

Асылбек Жооданбек
Асылбек Жооданбек

“Орусия ар кандай фонддор аркылуу Кыргызстанга таасир этип жатканы маалым. Шор деп аты да башкача экен. Өзү Молдовада коррупциялык иште аты аталган адам экен. Ушул адамга кыргыз билим берүү мейкиндигин ишене турган болсок же билим берүү системабыз Шорго байланып кала турган болсо, анда кыргыз элинин артка кетүүсүнө негиз болушу мүмкүн. Орусия эл аралык изоляцияда калган өлкө. Ушундай абалда мурдагы совет өлкөлөрүн өзүнүн кучагынан чыгаргысы келбейт. Дайыма таасирин көргөзгүсү келет. Эл аралык алкакта ордун сактап калуу аракети да. Аларда Кыргызстанды өнүктүрүү, билим берүү тармагын күчтөнтүү деген максат жок. Алар таасирин гана күчөткүсү келет. Негизи Орусия Кыргызстан өрнөк ала турчу мамлекет эмес. Биз дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн иновацияларды кабыл алышыбыз керек".

“Евразия” коммерциялык эмес уюму буга чейин Кыргызстандын аймактардагы мектептерине 100 автобус алып берген. Мындан тышкары Кызыл-Кыядагы Дмитрий Карбышев атындагы мектептин жаңы корпусунун жана Раззаков шаарындагы борбордук стадиондун курулушуна жардам бере турганын да жарыялашкан. Ошондой эле Бишкек шаарынын жогору жагында 10 гектар жерге “Евразия” деп аталган парк куруп жатат.

Орустарга жакын "Евразия" уюму курдуруп жаткан парк.
Орустарга жакын "Евразия" уюму курдуруп жаткан парк.

Гүлбакча толугу менени бекер боло турганы да жарыяланды. Ошентип “Евразия” Кыргызстандагы Орусия каржылаган ири уюм боло баштады. Саясат талдоочу Эмил Жороев кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги түзүү демилгеси, "Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аракети Орусиянын "жумшак күчү" экенин айтып жатат.

"Бизде паркты куруп жатышат. Ал жерге миллиондогон доллар сарпталып жатканы түшүнүктүү. Ким андай берешендик кылып жатат? Максаты эмне? Жөн эле "кыргыздардын балдары жыргасын" деп берип койбосо керек. Мунун пропагандалык максаты бар экенин түшүнүшүбүз керек", - деди Эмил Жороев.

“Евразиянын” расмий сайтындагы маалыматка ылайык, уюм поссеветтик өлкөлөрдүн жаштары менен гана иштешет жана жаштарга багытталган ар кандай программалары бар. Өзгөчө Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырып жатат деп айтса болот. Уюм бир учурда СССРдин курамында болгон өлкөлөрдөгү орус тилине аябай басым жасаары да байкалат.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Орусия орус тилин саясий курал катары колдонуп келет. Украинадагы согуш "орус тилин сактоо, коргоо" деген жүйө менен башталып кетпедиби. Бизде тил маселеси көтөрүлгөндө дароо Москвадан жооп келип жатканын байкап жүрөбүз. Орусия орус тилине ээлик позициясын карманып, орус маданиятын, тилин жайылтуу боюнча кызыктар тарап катары бекем туруп, ошол аркылуу башка ар кандай саясий маселелерге кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу болуп жатат.

Ошентип Орусия “Евразия” деп аталган коммерциялык эмес уюм аркылуу Кыргызстандын билим берүү тармагына толук түрдө аралаша баштагандай. Азырынча алар жооптуу делген бирдиктүү билим берүү системасы кандай ишке ашары, кимдин стандарттары таңууланары толук белгисиз болуп турат.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү министрлиги мамлекеттин кызыкчылыгы толугу менен корголорун, стандарттар сакталарын ишенимдүү айтып келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG