Шаршембиде Рим папасы Леон XIV Италияга иш сапар менен келген Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Эки лидердин жолугушуусу понтификтин Кастел-Гандольфо шаарындагы жайкы резиденциясында өттү.
Ватикан тараткан маалыматка ылайык, майда ыйык такка отурган Леон XIV Ватиканда Орусия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү сунуш кылды.
Рим папасы ошондой эле "чукул арада адилет жана узак мөөнөттүк тынчтыкка жетүүнүн жолдорун табуу", диалог канчалык маанилүү экенине токтолду.
Зеленскийдин администрациясы азырынча Ватикандагы жолугушу тууралуу билдирүү тарата элек.
Леон XIV шайлангандан кийин украин лидери менен биринчилерден болуп кедешкен. Рим-католик чиркөөсүнүн лидери украин элинин азап тартканын белгилеп, тынчтыкка жетүүгө үндөп, ошол эле маалда Орусияны агрессиясы үчүн ачык айыптаган эмес.
Москва буга чейин Ватиканда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө макул эмес экенин билдирген.
Шерине