Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Бээжинде Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун куруу маселеси талкууланды


"Бедел" өткөрмө бекети былтыр сентябрда ачылган.
"Бедел" өткөрмө бекети былтыр сентябрда ачылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 10-июлда Бээжинде кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети аркылуу өтчү Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, ага Кытайдагы тиешелүү мамлекеттик органдардын, корпорациялардын өкүлдөрү катышты.

"Бакыт Төрөбаев бул жол курулса, Кытайдан Кыргызстанга чейинки жол 507 чакырымга кыскарып, 10 сааттан ашык убакыт үнөмдөлөрүн айтты. Бул чыгымы жана түйшүгү аз, ошондой эле түз, ылдамыраак каттам болоорун билдирди. Учурда кытай компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, тиешелүү кытайлык мамлекеттик органдарды тыгыз иштешүүгө чакырды",- деп жазылган маалыматта.

Кытай тарап бул сунушка кандай жооп кайтарганы тууралуу маалымат берилген жок.

2023-жылы август айында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарындагы кытай-кыргыз бизнес форумунда Барскоон - Үчтурпан - Аксуу жолун ишке ашырууга байланыштуу документке кол коюлганын билдирген.

Кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөмө бекет - Бедел былтыр сентябрда ачылган. Анда жолдун 58 чакырымы убактылуу пайдаланууга берилип, көпүрөлөр курулганы айтылган.

Кыргыз өкмөтү эл аралык стандарттарга жооп берген машина жол, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүүнү 2027-жылга чейин эки тарап бирге ишке ашырарын кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG