Футбол: Урмат Абдукаимов Кыргызстандын курама командасын убактылуу машыктырат

Урмат Абдукаимов.

Урмат Абдукаимов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын убактылуу башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук биримдиги кабарлады.

"Бул чечим Кыргыз футбол биримдиги учурда улуттук команданын жаңы башкы машыктыруучусун тыгыз издеп жатканына байланыштуу кабыл алынды. Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензияларга ээ, тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген. Учурда премьер-лиганын "Талант" клубунун башкы машыктыруучусу жана FIFA Talent Development Scheme долбоорунун алкагында аналитик катары да иш алып барган",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейинки башкы машыктыруучу Максим Лицисын өткөн айда кызматтан кеткен. Аны менен түзүлгөн бир жылдык келишим ушул жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөнү, андан ары узартылбаганы маалымдалган.

Лисицын бул кызматта бир жыл иштеп, улуттук кураманы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. Анда Кыргызстан А тайпасында алты кураманын ичинен сегиз упай менен бешинчи орунду алды жана кийинки баскычка өтө алган жок.

Дагы караңыз

Зеленский Украинаны колдогону үчүн Трампка ыраазычылык билдирди Трамп: Эгер Орусия 50 күндүн ичинде "макулдашууга көнбөсө" катаал тарифтерге кабылат Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри Жантаев анын бөлөсү экенин ырастады Ысык-Көлдө жээкке кирүүгө акы алынган учурлар иликтенип жататОрунбеков Балыкчынын жаңы мэри Жантаев Туманбаевдин "шакирти" экенин айттыСадыр Жапаров Султан Кермалиевди Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотту Техастагы суу ташкында жоголгон 166 киши табыла элек ӨКМ Көл-Төрдүн суусунун көлөмү азайтылганын билдирди