Воронежге жасалган чабуулда жараат алган бир адам набыт болду

Архивдик сүрөт.

Орусиянын Воронеж шаарына жасалган чабуулда оор жараат алган бир адам набыт болду. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Петрин билдирди. Ал Телеграм каналына жаран ооруканада оор жараат алып комада жаткан жеринен үзүлгөнүн жазды.

Буга чейин Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев Украинанын 15-июлга караган түнү жасаган чабуулунда жалпы 27 киши жараат алганын, алардын 14ү бейтапканага жеткирилгенин билдирген. Маалыматтарга караганда, эки адамдын абалы оор.

Киев Воронежге жасалган сокку тууралуу комментарий берген эмес.

Ал арада Украинанын Аба күчтөрү Орусия 16-июлга караган түнү 400дөй дрон менен аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Кривой Рог, Харьков жана Винница бутага алынган.

Мунун алдында Кривой Рогдогу жергиликтүү бийлик согуш башталгандан бери бул аймак узакка созулган тынымсыз аткылоого туш болгонун, 17 жаштагы бала оор жараат алганын билдирген. Винницада соңку чабуулда кеминде сегиз, ал эми Харьковдо үч адам жараат алды.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Екатеринбургда азери диаспорасынын башчысынын уулу кармалды Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев кармалдыКазакстанда ТИМ "Азаттыктын" дагы тогуз кабарчысына аккредитация берүүдөн баш тартты КФБ Ташиев Словакиянын "Тренчин" футбол клубунун акциясын сатып алганын төгүндөдү Трамп Patriot системасынын ракеталары Украинага жөнөтүлгөнүн билдирдиСот Тилекмат Куреновдун абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узарттыКремл Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин маалымдадыУКМК Кыргыз-орус славян университетинен 12 студент чыгарылганын билдирдиКая Каллас Орусияга берилген 50 күндүк мөөнөт "өтө узак" экенин айтты