Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Бажы кызматынын кадрлар резервине тапшыргандардын 82,2% үчүнчү турга өтпөй калды


Тестирлөө 8-9-июль күндөрү өткөн
Тестирлөө 8-9-июль күндөрү өткөн

Бажы кызматынын кадрлар резервине кирүүгө арыз тапшырган талапкерлердин 82,2% сынактын үчүнчү айлампага жетпей кулап калды. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, биринчи этапка жалпы 382 талапкер катышып, дене тарбия даярдыгы текшерилген жана андан 213ү ийгиликтүү өткөн. Сынактын экинчи этабында компьютердик тестирлөө болгон.

"Тестирлөө 8-9-июль күндөрү өткөрүлдү. 60 мүнөттүн ичинде талапкерлер 100 суроого жооп берип, кеминде 75% туура жооп алышы керек эле. Жыйынтыгында, үчүнчү турга 68 адам өттү. Тестирлөөгө өз алдынча даярдануу үчүн суроолор Бажы кызматынын расмий сайтына алдын ала жарыяланган. Жыйыныктоочу этап 10-11-июлда болот. Кадрлар резервине өткөндөрдүн тизмеси жарыяланат. Сынактын бардык айлампасы видеого тартылып, онлайн көрсөтүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Бажы кызматындагы бош орундарга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн сынак ушул жылдын башында, февраль айында жарыяланган. Анда тиешелүү жогорку билими, адистиги бар, квалификациялык талаптарга жооп берген 35 жашка чейинки жарандар катыша алары көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG