АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү NBC телеканалына берген интервьюсунда "Орусиядан көңүлү калганын" белгилеп, "мен Орусия боюнча маанилүү билдирүү жасайм" деди.
Ал Орусиянын Украинага жасаган жапырт чабуулу уланып жатканы үчүн президент Владимир Путинди сындады. Трамп Конгресс Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган өлкөлөргө каршы санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырат деп күтүп жатканын айтты.
"Алар абдан чоң жана оор мыйзам долбоорун кабыл алышат, бирок аны колдонуу жагын президент чечет", - деди ал.
Трамп НАТОго мүчө өлкөлөр менен америкалык куралды Украина армиясына жеткирүү үчүн маанилүү келишимге жетишилгенин жарыялады:
"Биз НАТОго курал жөнөтүп жатабыз, НАТО андан кийин ал куралдарды өткөрүп берет жана анын акысын төлөйт".
Шерине